Жарыяланган 10/10/2018
КТБда кызматтык жана дипломаттык паспортторго документтер кабыл алына баштады

Калкты тейлөө борборунда кызматтык жана дипломаттык паспортторго документтер кабыл алына баштады. Мурда аларды кабыл алуу КР ТИМдин Консулдук кызмат департаментинде жүргүзүлчү.

 Мамлекеттик кызматкерлер документтерин үстүбүздөгү жылдын 8-октябрынан тартып 30-декабрына чейин Жаш Гвардия бульвары, №4 дареги боюнча жайгашкан Калкты тейлөө борбору - 3тө тариздете алышат (Бөкөнбаев көч. кесилишинде). Кошумча маалыматты МККнын 119 колл-борборунан алууга болот.

ТИМ жана МККнын биргелешкен долбоору кызматтык жана дипломаттык паспортторду тариздетүү процессин автоматташтырууга, жакшыртууга жана жөнөкөйлөштүрүүгө өтүү боюнча иш-чаралардын алкактарында ишке ашырылууда.