Жарыяланган 27/09/2018
Япониянын Элчилигинин жана БУУӨПтүн өкүлдөрүнүн Калкты тейлөө борбору – 2ге жана көчмө калкты тейлөөгө болгон визити

Бүгүн, 26-сентябрда, курамында Кыргыз Республикасындагы Япониянын Ыйгарым укуктуу Элчиси Ёсихиро Ямамура мырза, КРдагы БУУӨПтүн Туруктуу Өкүлүнүн орун басары Алиона Никулита айым, Япониянын элчилигинин жана БУУӨП кызматкерлери болгон делегация, көрсөтүлгөн гранттык жардамдын алкактарында КТБдагы паспортту тариздетүү процесси, мобилдик топ жана маалыматтык киоск менен таанышып чыгышты.

Маалыматтык киосктор 2017-жылдын 5-октябрында «Кыргыз почтасы» почта байланышы бөлүмдөрүнүн базасында 453 бөлүм жалпы санында уюштурулушкан. 10 айдын ичинде алар тараптан калкка 268 024 мамлекеттик кызмат көрсөтүлдү.

Япония Өкмөтү тарабынан БУУӨПнын колдоосу менен үстүбүздөгү жылдын январь айында Мамлекеттик каттоо кызматына (МКК) Ниссан маркасынданы калкты документтештирүү үчүн техника менен жабдылган 16 микроавтобус берилген. Көчмө КТБлар областтар боюнча бөлүштүрүлүшкөн жана каттоо кызматтарын көрсөтүшүүдө. Ишке киргизилген күндөн тартып жер-жерлерге 160 жолу чыгышкан, алардын ичинен 143ү жеңилдетилген негизде жүзөгө ашырылган.

Андан ары делегация Чокан Валиханов, 2А дарегинде жайгашкан КТБ-2ге келишти. Конокторду МККнын төрагасынын орун басары Сарыбаев Русланбек Рыскулбекович, «Инфоком» МИнин директору Талант Абдуллаев, КТБ-2нин жетекчиси Кымбат Иманбековалар тосуп алышты.

Визиттин жүрүшүндө документтештирүү процесси жана жаңы форматтагы КТБнын иши менен таанышуу уюштурулду. КТБлардын ишмердигин жакшыртуудагы негизги позиция болуп жаңы маалыматтык технологияларды, «Инфоком» МИнин адистери тарабынан иштелип чыгарылган автоматташтырылган тутумдарды ишке киргизүү, талап кылынуучу документтердин, маалымкаттардын, ошондой эле паспортторду даярдоо жана берүү мөөнөттөрүнүн кыскаруусу аталды.

"Бул, БУУӨП Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кызматташуусундагы эң сонун мисал. Биздин өнөктөшүбүз Япониянын Өкмөтүнүн колдоосунан улам, мамлекеттик кызматтар ар бир жаран үчүн жеткиликтүү, тез болуп калууда. Биздин алдыга болгон пландарыбыз абдан чоң. Бардык каттоо кызматтары кеңиртилиши жана Кыргыз Республикасынын эң алыскы жерлерине дагы жеткирилиши мүмкүн. Ошондуктан биз мындан ары дагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана МКК менен кызматташуубузду өркүндөтө бермекчибиз» - деп белгиледи КРдагы БУУӨПтүн Туруктуу Өкүлүнүн орун басары Алиона Никулита.