Жарыяланган 21/09/2018
«Инфоком» МИсинде Мамлекеттик тил күнүн белгилешти

Мамлекеттик тил күнүн майрамдоонун урматына арналган иш-чаралар ү.ж. 21-сентябрында «Инфоком» МИнин борбордук аппаратында жана бүткүл өлкө боюнча жайгашкан Калкты тейлөө борборлорунда өткөрүлдү.
Жумуш күнү Кыргыз Республикасынын Гимнин аткаруудан башталды, андан соң кыргыз элинин макал-лакаптарын, кыргыз элинин тарыхий жана атактуу инсандарын, улуттук валютасын билүү деңгээлине карата ар түрдүү сынактар уюштурулду. иш-чараларга КТБлардын коноктору дагы катышышты, аларга баалуу байгелер жана белектер тартууланды. Жалал-Абад ш. КТБсында жарандар үчүн ар түрдүү улуттук тамак-аштар жайылган дасторкон уюштурулду, Талас ш. калпак баш кийими жана брошюралар белек кылынып, Караколдо кыргыз тилиндеги китептер тартууланды.
Жумуш күнү ичинде өлкөнүн бардык КТБларында, «Инфоком» МИнин борбордук аппаратын кошо алуу менен, айымдар улуттук костюмдарды кийип жүрүшсө, эркектер калпакчан жүрүштү. КТБлардагы каттоо кызматтарын сунуштоо процесси толугу менен мамлекеттик. кыргыз тилинде гана жүргүзүлдү. Улуттук майрамдарды салтанаттуу майрамдоо биздин жамаатта гана салт болуп калбастан, Калкты тейлөө борборлорунун кызматкерлери жана конокторуна дагы абдан жагымдуу өткөрүлүп келет.