Жарыяланган 17/09/2018
«Инфоком» МИнин кызматкерлери «Дүйнөнү таза кылабыз!» аталышындагы глобалдык экологиялык акцияга катышышты.

     Үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрында Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө арналган акциянын алкагында, ошондой эле КР ӨКмөтүнүн тапшырмасы боюнча, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын, калкты тейлөө борборлорунун, мамлекеттик номер белгилерин даярдоо борборунун, мамлекеттик персонификациялоо борборунун жана телефондук тейлөө борборунун кызматкерлери масштабдуу ишембиликке катышышты. Бардыгы болуп бул иш-чарага катышкандардын саны эки жүздөн ашты.
    Бишкек шаарында Чоң Чүй каналынын зоналарын Байтик Баатыр көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейин тазалоо иштери жүргүзүлгөн болсо, бардык республиканын аймагындагы КТБлардын кыхматкерлери өз имараттарынын тегерегин жана анын айланасында участокторду таштандыдан тазалашты.
     «Инфоком» МИнин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы шаардык, жалпы республикалык ишембиликтерге катышуусу өлкөнү жакшыртуу боюнча жалпы ишке өз салымын кошууга мүмкүндүк бере турган мээрман салтка айланды.