Жарыяланган 12/09/2018
«Бардык кызматтар бир жерде»: Нарын областындагы жаңы КТБ

Нарын областынын Ат-Башы а. заманбап жабдуулар жана электрондук системалар менен камсыздалган жаңы форматтагы Калкты тейлөө борборунун ачылышы өттү.
Ачуу аземине Ат-Башы районунун акими Субакожоев Ж.М., акимдин орун басары Тентимишов Ж.Р., Нарын ш. КТБсынын жетекчиси Алыбаев А.Б жана райондун жашоочулары катышышты.
Жаңы КТБда «бирдиктүү терезе» принциби боюнча паспорт кызматынын жана ЖААКтын бөлүмдөрү бириктирилип, чогуу жайгаштырылышкан жана документтештирүү, жашаган жери боюнча каттоо, ПИН алуу, никесин, туулгандыгын каттоо боюнча кызматтарды көрсөтүшөт.
Мурдараак жарандарды кабыл алуу тар имараттарда жүргүзүлүп, коноктор көчөдө кезек күтүшчү, архивди сактоо үчүн имараты жок болуп, кызматкерлердин иштеши үчүн шарттар жок болгон. Жарык берүү, жылытуу системалары жана санитардык ченемдер талаптарга шайкеш келген эмес, келген коноктор үчүн күтүү залы жана даараткана жок эле.
Нарын областында жаңы форматтагы КТБнын ачылышы Кыргыз Республикасынын Президентинин «2018-жылды аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын аткаруунун алкактарында ишке ашырылууда.
Калкты тейлөө борборлорун ачуу - заманбапмаалыматтык технологияларды ишке киргизүү менен катар жарандарды тейлөө үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү. КТБда видеобайкоо жүргүзүү орнотулган, автоматтык түрдө операторлордун кардарлар менен иш алып баруусу тартылат, электрондук кезек тутуму орнотулган.
Республикада 17 ири жана 4 мини КТБлар иштеп жатышат, алар «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча иш алып барышат жана жарандарга мамлекеттик маалыматтык ресурстардын жардамы менен кызматтарды сунушташат.