Жарыяланган 06/09/2018
III ДКО: 5 күн ичинде мобилдүү КТБга каттоодон өтүү үчүн 100дөн ашуун чет өлкөлүк жарандар кайрылышты

Кырчын капчыгайында жана Чолпон-Ата шаарынын ипподромундагы мобилдүү КТБларга каттоо кызматтарынан колдонуу үчүн 130 чет өлкөлүк жарандар кайрылышкан.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү мезгилинде 1-сентябрдан тартып 9-сентябрга чейин Ысык-Көл областына чет өлкөлүк коноктор үчүн мамлекеттик каттоо кызматтарынын ыңгайлуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максаттарында мобилдүү Калкты тейлөө борборлору иш алып баруу үчүн келишкен.

Бүгүнкү күндө III ДКОнун чет өлкөлүк коноктору үчүн каттоо кызматтарын жеринде сунуштоо үчүн зарыл болуучу техникалык комплекс менен жабдылышкан атайын эки микроавтобус күнү-түнү нөөмөттө турушат.

Күн ичинде каттоо кызматтарынан колдонуу үчүн 25ке жакын чет өлкөлүк жарандар кайрылышууда, баарынан көп кайрылгандар Өзбекстандын жарандары болуп эсептелишет.

Мобилдүү КТБлар ошондой эле чет өлкөлүк жарандар жайгашышкан пансионаттарга да барып көчмө каттоону жүзөгө ашырышууда.