III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү мезгилинде 2018-жылдын 1-сентярынан тартып 9-сентябрына чейин Ысык-Көл областында, Кырчын жайлоосунда жана Чолпон-Ата ш. ипподромунда эки Калкты мобилдүү тейлөө борбору (КТБ) чет өлкөлүк жарандарды каттоо боюнча көчмө кабыл алууну жүзөгө ашырмакчы.
Аталган иш-чара III БКОнун чет өлкөлүк коноктору үчүн мамлекеттик каттоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгү жана ыңгайлуулуктарды камсыздоо максаттарында демилгеленген.
Каттоодон өтүү үчүн чет өлкөлүк жарандар төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш:
- белгиленген формадагы кат (өтүнүч кат);
- чет өлкөлүк жарандын инсандыгын тастыктоочу паспорт же аны алмаштыруучу документ;
- мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк.
Кененирээк маалыматты МККнын 119 колл-борборунан алууга болот (чалуу акысыз).
КРнын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк жарандар өлкөгө келгенден кийин 5 күндөн кийин каттоодон өтүүгө тийиш.
Чет өлкөлүк жарандарды каттоо үчүн зарыл болуучу документтер тизмеги төмөнкү шилтеме боюнча жайгаштырылган:
Алардын жарандары каттоодон бошотулган чет мамлекеттердин тизмеги төмөнкү шилтеме боюнча жайгаштырылган:
http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/98720?cl=ru-ru#p1