Жарыяланган 16/08/2018
Нурзада Картаева – «МККнын Колл-борбору 119» телефондук тейлөө борборунун жетекчиси

«Инфоком» МИсинде 2014 жылдан тартып, жарандарга кызмат көрсөтүү боюнча иштерди алып барган. Эмгек жолун Калкты тейлөө борборунун оператору кызматынан баштаган.
Тил табыша билет, демилге көтөрөт, позитивдүү, жоопкерчиликтүү – дал ушул сапаттар анын карьералык өсүшүнө түрткү берген. 
Азыр ал колл-борбордун, операторлорунун санына жана республиканын, анын чегинен тышкары жактардын бардыгынан келип түшкөн чалуулар санына карабастан үзгүлтүксүз иш алып баруусу үчүн жоопкерчиликтүү. Бул жактагы жумуш максималдуу түрдө баш-оту менен кирүүнү талап кылат. 
 Маалыматтын туура болушу, жумушчулардын компетенттүүлүгү, сапат көзөмөлү, кайтарым байланыш, тартипти сактоо, кийи пейил болуп, этиканы сактоо – жетекчинин негизги милдеттери, ал бул тармакта жеңил гана иш алып барууда. 
«МККнын Колл-борбору 119» бүткүл система үчүн төш тосоор амбразура болгондугуна карабастан, бардык даттануулар жана дооматтар бир биринчи кезекте аларга келип түшүп турат. Операторлор болсо айрым учурларда жөн гана кеңеш берүүчүлөр эмес, алар «бир аз» психологдор жана кризис-менеджерлер, мында алар өз жумушун берилип сүйүшөт. 
Ишиңизди эмнеси үчүн жактырасыз?
- Калкка жардам көрсөтүү мүмкүндүгү үчүн, анткени бул ар бир адам үчүн маанилүү жана керектү. Биздин берген кеңешибиз оң жыйынтык көрсөтө турган болсо, бул дайыма кубандырат. 
Ишиңизде сиз үчүн эң татаал нерсе эмне болду эле?
- Терс ойлор менен чалган жарандарга, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр канчалык жөнөкөйлөштүрүлгөнүн түшүндүрүү, бир аз мурунураактан тартып, алардын айрым бөлүгү мурунку бюрократия менен азыркы процесстерди автоматташтыруунун ортосундагы айырмачылыктарды моюндарына алып калышты.
Сиздин жамааттын ишин бир фраза менен сүрөттөңүзчү:
- Достук, ширелишүү, оптимизм жана кесипкөйлүк бизге бирдиктүү жөнгө салынган механизм катары иштөөгө мүмкүндүк беришет.
Ишиңиздеги курьез учурлардан бөлүшүңүзчү:
Бир жолу бир айым чалып калды:
- Кыргызстандын аймагында каттоосуз канчага чейин жүрсө болот? 
- Кичи пейилдикке, сиз кайсы өлкөнүн жараны экениңизди тактайлычы?
- Кантип кайсы? Нормалдуу!
Сиздин турмуштук принцибиңиз:
«Эмгекти сүйүү - бул ийгиликтин жана бакубаттыктын негизи»!