Жарыяланган 06/08/2018
МКК: 5-августта жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо Майдан айылдык кеңешинде шайлоочулардын 43,6% добушун беришти

Үстүбүздөгү жылдын 05-августунда Баткен областынын Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин беш шайлоо участкаларында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолор болуп өттү. Такталган тизмелер боюнча шайлоочулардын жалпы саны добуш берүү күнүнө карата 6607 жаранды түзгөн, бардыгы болуп шайлоого катышкандардын саны 2882 шайлоочу (43,6%). Шайлоо күнү техникалык бузулуулар катталган эмес, идентификациялоо боюнча жабдуулар үзгүлтүксүз иштешкен.

Шайлоочулар тизмелерин башкаруу тутумун жакшыртуунун жыйынтыгында, максималдуу түрдө шайкеш келбей турган фотосүрөттөр менен болгон көйгөй маселелер чечилген, бул бетин таануу менен идентификациялоо процессинен өтүүнү жогорулатууга шарт түзө алган.04-августка карата имараттан тышкары добуш берүү күнүндө добуш берүүгө карата 11 билдирме берилген, шайлоого 10 шайлоочу катышкан, бир адамда 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорт бар болуп чыккан, бул добуш берүү мүмкүндүгүнө жол бербейт.

Колл-борборго 4.7.4) номерине шайлоочулар тизмелерин тактоо боюнча бардыгы болуп 14 чалуу келип түшкөн.

Эскерте кетсек, МКК шайлоочулар тизмелерин түзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган жана идентификациялоо жана биометрикалык маалыматтарды топтоо процессинин техникалык оператору болуп саналат. Шайлоолорду өткөрүүнүн алдында жана андан кийин шайлоочулар тизмелерин башкаруу тутуму жапна идентификациялоо процесси өркүндөтүлүүдө, бул шайлоо процессинин үзгүлтүксүз иш алып баруусун камсыздоого мүмкүндүк берет.