Жарыяланган 18/07/2018
Баштан өттү, же Калкты тейлөө борбору (КТБ) ишти кандай алып барууда

Паспорттук столдодогу аягы бүтпөгөн кезектер жөнүндө аңгемелерди уга берип, адамдар алдын ала эле белгилүү бир маанай менен МККнын (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы) каттоо бөлүмдөрүнө барууга даярданышат. Документтерден тышкары, жарандар өздөрү менен ар түрдүү маанайды, мүнөздү жана эмоцияларды ала барышат. Бул документтештирүү жол-жобосу аны «сүрөттөп» жүрүшкөндөй анчалык «коркунучтуу эместигин» чечмелеп көрүүгө бүгүн биз аракет кылып көрөлү.

Теориясында жана практикада паспорт алуу абдан жөнөкөй: болгону бир нече документти берүү, сүрөткө түшүү, мамлекеттик пошлинаны төлөө эле жетиштүү, анан өзүңүздүн даяр болгон «жарандык карточкаңызды» тез арада эле колго аласыз.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 17 Калкты тейлөө борборлору (КТБ) жана 4 мини КТБлар ийгиликтүү иш алып барышууда, мини КТБлардын айырмалоочу мүнөзү болуп КТБларга жумуш күндөрү баруу мүмкүндүгү жок болгон жарандарга шарттарды түзүү максаттарында дем алыш күндөрү дагы иштегендиги эсептелет.

Бир фактор бар – адат, ал көптөгөн жарандарды эң көп киши келип турган Ч. Валиханов көчөсү, 2 дареги боюнча жайгашкан КТБга алып барат. Жарандар ажиотаж кылып КТБны «капташат», анын айынан – түбү-аягы көрүнбөгөн узун кезектер пайда болот. Коноктор гана эмес, ушул КТБнын операторлору күн сайын туш болуп жаткан нерсени түшүнүү үчүн, биз бир жумуш күнүн алар менен чогуу баштан «кечиребиз».

Аркы тарапта …..

2018-жылдын 25-июну. КТБнын кызматкерлери өз иштерин саат 9:00дө башташат.

Саат 8:45. Алгачкы кызматкер келет дагы, мекеменин эшигин ачып, топтолушкан жарандардан сыгылып өтүүгө аракет кылат, алардын баары самап келген айди карточканы күткөндөр же жөн эле кеңеш алгысы келгендер.

Саат 9:00. Эшикти чоң ачышат, жарандардын ири агымы ичке жулунуп кирет. Ар бири өзүнө белгилүү кызмат үчүн электрондук кезектин талонун алууга чуркайт. Алгачкы жолу келгендер башы айланып, каякка барууну чечкенге аракет кылышат. Бир нече мүнөт өткөндөн кийин, эмне кылуу керектигин түшүнүп, ошолордой эле умтулушуп, кеңеш алуу үчүн же электрондук кезекке талон алуу үчүн чуркашат.

Кире бериште эл курчап алган ресепшндин столунун артында «толук аскердик даярдык» менен тынч гана аларга улам документин сунуп, суроосун узатып жаткан, кайталап сурап жаткан жарандарга кызматкер кыздар жооп берип жатышат. Алардын милдети – биринчи баскычта келген конок документтердин толук тизмегин алып келгендигин текшерүү, жана кандайдыр бир кагаз жетпей жаткан болсо, аны түшүндүрүү жана андан ары эмне кылуу керектигин айтып берүү. Баары жайында болсо, келген адамга кийинки залдан электрондук кезекке талон алууну сунушташат.

Андан ары күтүү зарына киребиз. Самап турган номер табличкалары үчүн «согуштун» «керемет» көз ирмемдерин башынан кечирбеген адамга, «мен жөн эле сурап алайын» фразасы үчүн башка келген адам менен кайым айтышып кетүү мүмкүндүгүн түшүнүү кыйын. Ишенип коюңуз, айрым учурда таймашуулардын күчү чектен тышкары чыгып кетет.

Укмуштуу талонду алгандан кийин тынчтанып алып, оператордун чакыруусун самап, атайын күтүү залына өттүк.

Агыш-жашыл – жаратуучу жана тынчтандыруучу түс, коммуникабелдүүлүк жардамдашып жана достук мамилени жогорулатат

Күтүү залы бир топ эле ыңгайлуу, таза, интерьери улуттук колоритти эске алуу менен жасалган: кереге жана түндүк сыяктуу боз үйдүн элементтери, көгүчкөндөрдүн учуусунун инсталляциясы, агыш жашыл тондор, ушунун баары адамга жай тынчтандыруучу таасир калтырат, алардын ишине жана эс алуусуна жагымдуу таасир көрсөтөт. Келген адамдар үчүн бир топ эле ыңгайлуу дивандар, керектүү документтерди тизмеги бар маалыматтык кутулар турат, багыт көрсөткүчтөр көзгө урунттуу болуп даана көрүнүп турушат, ошондой эле полдо тиешелүү түстөгү багыттоо жебелерин байкасак болот, алар келген адамды тейлөөнүн зарыл болгон зоналарына жөнөтүп турушат.

Күтүү залында сергитүүчү суусундуктар жана кофе автоматтары дагы бар.

Кичинекей коноктор үчүн эне жана бала бөлмөсү караштырылган, бул балдарын ала келишкен ата-энелерге абдан эле ыңгайлуу.

Мында электрондук кезектин талонун алууга мүмкүн болгон аппарат турат. Айта кетсек, бул тутум «Инфоком» МИнин адистери тарабынан иштелип чыгарылган, жана өлкөнүн бардык КТБларында ишке киргизилген, бул бардык кызматкерлердин активдүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү үмкүндүгүн берет. Атайын экрандан өз талонубуздун номерин көрүп, жарым-жартылай ачык болуп көрүнүп турган кабинкалардын узун катары жайгашкан коңшу залга жөнөп калдык.

Операторлор документтерди кабыл алышты. Баары жайында экенине ынанып, документтештирүү жол-жобосун башташат, бул аракет болгону 10, максимум 15 мүнөттү ээлейт.

Шашып жаткан жарандар үчүн, же өз кезегин күтүүнү каалабагандарга, «ылдамдатылган режимде» документтештирүүнүн атайын кызматы түзүлгөн, мында кассага төлөнө турган 680 сом суммасына оператор сиздин документтерди тез тариздетүүгө көмөк көрсөтөт.

Жыйынтыктаганда: P.S.

Эмнеси жагымдуу: КТБнын кызматкеринин өмүрүнүн бир күнүн «баштан кечирип», элдин өтө көп келген учурунда дагы (күнүнө 1000-2000 жаран), тынымсыз бүтпөгөн суроолордо, доолор айтылган учурда, бир дагы КТБнын кызматкери өзүнө одоно сүйлөөгө же добушун көтөрүп айтууга жол бербегендиги болду. Ал эми жарандар, өз кезегин чыдамкайлык менен түшүнүп күтүп жатышты.

Эгерде сиз дагы КТБга барышыңыз керек болуп калса, өзүңүз менен жылмаюуну, жакшы маанайды, чач жасалгасын (фотосүрөт үчүн) жана чыдамкайлуулукту «алууну» унутпаңыз!

Пайдалуу маалымат:

Бардык суроолор боюнча кайрылыңыздар МККнын CALL-борбору – 119 (чалуу акысыз)

КТБлардын иштөө убактысы жана даректери:

Документтерди кабыл алуу саат 9:00дөн 18:00гө чейин дүйшөмбүдөн жумага чейин.

КТБ-1 Бишкек ш., Медеров көч., 44/1 (Биринчи май, Октябрь р-ндорунун ПЖКБсы, Бишкек ш. Октябрь р-нунун ЖААКБжЖПЭси)

КТБ-2 Бишкек ш., Ч.Валиханов көч., 2 (Свердлов р-нунун ПЖКБсы, ЖААКБжЖПЭси, Чүй областынын Аламүдүн райоунун ЖААКы)

КТБ-3 Бишкек ш., М.Гвардия бул., 4 (Ленин районунун ПЖКБсы жана ЖААКБжЖПЭси)

Дем алышсыз:

Мини КТБлардын даректери:

«Ташрабат» СКБсы (Горький көч., 1 «Г»)

«Глобус» СБсы (Чүй пр., ЖЭБдин каршысында)

«Азия молл» СКБсы (Манас көч., 3)

«Глобус» СБсы (Ак-Босого ж/к, Профессор Зима көч., 204/3).

Мини КТБ ишемби жана жекшемби күндөрү иштейт!

Документтерди кабыл алуу: шейшембиден тартып жекшембиге чейин саат 10:00дн 19:00гө чейин, түшкү тыныгуу саат 14-00дөн 15-00гө чейин