2016-жылдын башынан тартып «Инфоком» мамлекеттик ишканасына караштуу Мобилдүү топтор борбору Бишкекте иш алып барууда. Анын максаты – калкты көчмө тейлөө: алуу үчүн документтерди тариздетүү (паспортту алмаштыруу), арыз берүүчүнүн жашаган/турган жерине баруу менен паспортторду берүү.
Бүгүнкү күнү Мобилдүү топтор борбору тарабынан жер-жерлерге 2 298 жолу баруу жүргүзүлгөн, бул иштердин алкагында 2 186 ирет жеңилдетилген (акысыз) негизде кызмат көрсөтүлгөн. Акысыз тейленүүгө Улуу Ата Менкендик согуштун ардагерлери жана тылдын эмгекчилери, балдар үйлөрүнүн жетимдери жана тарбиялануучулары, карылар үйлөрүндө жашашкан адамдар, биринчи топтун майыптары укуктуу болушат. Бул мезгил ичинде Мобилдүү топтор борборунда 1994-жылдын үлгүсүндөгү 25 848 паспортторду жаңы электрондук ID-карталарына алмаштыруулар жүргүзүлгөн.
Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын июль айынан тартып жаңы автоунаалардын базасындагы 16 көчмө Калкты тейлөө борборлору (КТБ) Кыргызстандын бардык областтарына, жетүү кыйын болгон алыскы райондордо каттоо кызматтарын көрсөтүү үчүн жөнөтүлүшкөн. Көчмө КТБ – бул каттоо документтерин жана маалымкаттарды тариздетүү чүүн бардык зарыл болгон техникалык жабдуулар менен камсыздалган атайын микроавтобус, анда касса аппараты, фото жана ксерокөчүрмө кызматтары бар. Көчмө КТБлардын милдетине жарандарга өлкөбүздүн алыскы аймактарында калкты документтештирүүгө жана аларды колуна алууга жардам көрсөтүү кирет. Эки жума ичинде көчмө КТБлар тарабынан ордуна баруу менен 10го жакын каттоо кызматтары көрсөтүлүшкөн.
P.S. Мобилдүү топтор борборуна кайрылса болот, бул жакта жеке адамдарды жана юридикалык жактарды 10 адамдан жогору болгон көчмө корпоративдик документтештирүү боюнча кызматтар сунушталат. Кеңеш алуу үчүн телефондор:: 0 312 58 60 60, 119 (чалуу акысыз).