Калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) операторлорунун кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында, 2018-жылдын 4-июлунан тартып криминалисттик методдор менен арыз берүүчүнүн инсандыгын идентификациялоо боюнча, берилген жасалма жана жалган документтерди аныктоо боюнча семинарлар башталды.
Окутуу Эл аралык шайлоо тутумдар фондунун (IFES) финансылык колдоосу алдында, «Инфоком» МИнин кызматкерлеринин арасынан жана криминалистика жана сот экспертизалары тармагындагы эксперт, КМЮАнын окуу-инновациялык жана криминалисттик комплексинин башчысы М.А. Фараджиев тарабынан иштелип чыгарылган атайын программа боюнча жүргүзүлүүдө.
Сабактар бет ачарлар, практикалык жана тест тапшырмалары түрүндө өткөрүлөт, өздөрүнө төмөнкүдөй суроолорду камтыйт: документтеги фотосүрөтү боюнча арыз берүүчүнү идентификациялоо; документте аны көрсөтүүчүгө тиешелүү болбогон фотосүрөттү пайдалануу фактын аныктоо; адамды колдорунун манжаларынын папиллярдык издери боюнча идентификациялоо өзгөчөлүктөрү; арыз берүүчүнүн инсандыгын аныктоо; шайлоочуну идентификациялоо.
Техникалык каражаттарды пайдалануу менен инсандыгын идентификациялоо методдору (ультракызгылтым жарык бергичтер жана 15 эсеге чейин чоңойтуу мүмкүндүктөрү менен атайын лупалар) жасалма жана жалган документтерди пайдалануу учурларын өз маалында аныктоого жана арыз берүүчүлөрдүн инсандыгын идентификациялоого шарт түзүшөт.
Бир айдын ичинде 21 семинар уюштурулуп, аларга бүткүл өлкө боюнча КТБлардын 140тан ашуун операторлору катышышмакчы.