Жарыяланган 29/06/2018
Ысык-Көл областынын Каракол шаарында жаңы форматтагы КТБ ачылды

Бүгүн, 2018-жылдын 20-июнунда, Ысык-Көл областынын Каракол шаарында Гебзе көч., 124 дареги боюнча жайгашкан жаңы форматтагы Калкты тейлөө борборунун (КТБ) салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Ачылыш салтанатына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (КРӨгө караштуу МКК) төрагасынын орун басары Русланбек Сарыбаев, КРӨгө караштуу МККнын алдындагы «Инфоком» МИнин директору Талант Абдуллаев, КРӨгө караштуу МККнын алдындагы "Кыргыз почтасы" МИнин башкы директорунун биринчи орун басары ПКР Урматбек Джакыпбеков, жана Ысык-Көл областынын администрациясынын жетекчилиги катышышты.

Калкты тейлөө борбору мурдараак «Кыргыз почтасынын» имаратында, аянты 100 м2 болгон жалпы залда жайгашып турган. Жарандарды кабыл алуу тар имараттарда жүзөгө ашырылып, келген коноктор үчүн сыяктуу эле, кызматкерлердин өздөрү үчүн дагы шарттар жок болчу. «Инфоком» МИнин финансылык каражаттарынын эсебинен капиталдык оңдоо жүргүзүлүп, эмерек, интерьердин жасалгалоочу элементтери сатылып алынган, мурда эски-уску жык толгон жана иштетилбей турган имараттардын эсебинен жайгашуу зонасы кеңейтилген, бул залдын өлчөмүн эки эсеге жогорулатууга мүмкүндүк берген. Калкка ыңгайлуу болсун үчүн тиешелүү көрсөткүчтөр орнотулган жана документтер тизмеги боюнча бардык маалымат жайгаштырылган, касса, фото жана ксерокопия кызматтары бар, электрондук кезек орнотулган.

Жаңы КТБ «бирдиктүү терезе» принциби боюнча иш алып барат, бул документтештирүү, жашаган жери боюнча каттоо, ПИН (персоналдык идентификациялык номер) алуу , никесин каттоо, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү алуу жана башка каттоо кызматтарынын максималдуу санын сунуштоого мүмкүндүк түзөт. Бул жерде ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Коррупцияга каршы күрөшүү максаттарында, автоматташтырылган тутумдан башка КТБда видеобайкоо жүргүзүү орнотулган жана автоматтык түрдө операторлордун кардарлар менен иш алып баруусун жазып алуу жүргүзүлөт, бул алардын ишине баа берүүгө мүмкүндүк түзөт.

Салтанаттуу ачылыштын алкактарында КТБнын кызматкерлерине биринчилерден болуп бардык зарыл болгон техникалык жабдуулар менен жабдылган атайын микроавтобус – көчмө КТБ өткөрүп берилди. Калктын социалдык жактан аярлуу катмары (УАС катышуучулары, карылар үйүнүн тургундары болгон адамдар, I (биринчи) топтун майыптары, жетимдер жана балдар үйүйнүн тарбиялануучулары, ДМЧАлар) жана Ысык-Көл областынын алыскы калктуу пункттарында жашап турушкан жарандар, эми, көчмө КТБлардын кызматтарынан колдоно алышат, алар каттоо кызматтарын ордуна баруу менен жүзөгө ашырышмакчы.