Жарыяланган 14/06/2018
«Инфоком» МИдеги эмгек акы жөнүндө маалымат

«Инфоком» мамлекеттик ишканасы, Жогорку Кеңештин комитетинин отурумунда айтылган «Инфоком» тутумундагы эмгек акылар жөнүндө маалымат чындыкка коошпой тургандыгы тууралуу маалымдайт.

«Инфоком» МИси өз ишмердигин толук чарбачылык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде жүзөгө ашырат. Ишкана республикалык бюджеттен каржыланбайт, тескерисинче, өлкөнүн эң ири салык төлөөчүлөрүнүн бири жана кыргыз МТ-компанияларынын ирилеринин бири болуп саналат.

«Инфоком» МИде иш алып баруунун ыңгайлуу шарттарын түзүү, анын ичинде, персоналды мотивациялоо тутумун жана эмгекке акы төлөөнүн татыктуу шарттарын түзүү маанилүү артыкчылык болуп саналат.

Реалдуу сандарга жакыныраак:

Азыркы учурда МИнин директору 50 562 сом өлчөмүндөгү эмгек акыны иштеген жылдары жана жашыруундук үчүн бардык кошумча акыларды эсепке алуу менен алууда, анын кол алдында борбордук аппараттын 3 жетекчиси жана 19 түзүмдүк бөлүмдөр, бүткүл республика боюнча 395 кызматкер иш алып барышууда.

Акыркы 4 жыл ичинде улуттук масштабдагы отуздан ашуун IT-долбоорлор иштелип чыккан жана ишке ашырылган, инсанды күбөлөндүрүүчү документтердин жаңы үлгүлөрү жана гербдүү күбөлүктөр, мамлекеттик каттоо номер белгилерин даярдоо ишке киргизилген жана 100% киреше менчик компаниялардан мамлекетке өткөрүлгөн, биометрикалык маалыматтар базасы түзүлгөн, инновациялык технологияларды колдонуу менен шайлоолор өткөрүлүшкөн, каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтар автоматташтырылган жана жөнөкөйлөштүрүлгөн. Мында, көпчүлүк долбоорлор тартылган донордук жана өздүк каражаттардын эсебинен мамбюджетке күч келтирбестен ишке ашырылышкан.

Директордун орун басарлары өз эмгектери үчүн дээрлик 40 миң сом алышса, мамлекеттик каттоо номер  белгилерин даярдоо боюнча борбордун жетекчиси колуна 29 421 сом, адистери 21 321 сомдон алышат.