Жарыяланган 14/05/2018
13-майда жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өттү, 48,5% шайлоочулар добуш беришти

Үстүбүздөгү жылдын 13-майында алты ждергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоолор өткөрүлдү. Шайлоочулардын жалпы саны добуш берүү күнүнө карата такталган тизмелер боюнча 45 448 жаранды түзүп, 22 045 шайлоочулар шайлоого катышышкан (48,5%). Шайлоо күнү техникалык бузулуулар катталган эмес, идентификациялоо боюнча жабдуулар жалпы иштеп турушкан.

Шайлоолор беш райондо жана бир шаарда өттү: Ат-Башы, Аксы, Сузак, Сокулук, Кара-Суу райондору жана Токтогул шаары.

12-майда имараттан тышкары добуш берүү күнүндө 435 санындагы билдирүү берилип, 382 шайлоочу катышышкан. Калгандары үйлөрүндө жок болуп, же болбосо шайлоолорго катышуучулардын тизмесинен өздөрүн тактаган эместер болуп жана башка себептерден улам шайлабай калышкан.

Мурдараак 2018-жылдын 28-апрелинде жана 2-майында №3 формасы (персоналдык маалыматтардагы каталарды оңдоо), колл-борборго кайрылуулар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген тизмелер боюнча 800дөн ашуун шайлоочуларды тактоожүргүзүлүшкөн жана алар аймактык шайлоо комиссиялары менен макулдаштырылышкан.

Эске сала кетсек, МКК шайлоочулар тизмелерин түзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган жана биометрикалык маалыматтарды идентификациялоо жана топтоо процессинин техникалык оператору болуп саналат. Шайлоолорду өткөрүүнүн алдында жана андан кийин шайлоочулардын тизмелерин башкаруу тутуму жана идентификациялоо процесси өркүндөтүлүүдө, бул бизге шайлоо процессинин үзгүлтүксүз иштеп туруусун камсыздоого мүмкүндүк берет.