Жарыяланган 10/05/2018
МККнын колл-борборунда канча жаранга кеңеш беришти жана кайсы маселелер боюнча көбүрөөк чалышат (Инфографика)

Бүгүнкү күнү МККнын «119» колл-борбору биздин жарандарыбыздын ичинен эң таанымал болуп калды. Түзүлгөн күнүнөн тартып, МККнын ишмердик маселелери жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн бардык маселелери боюнча жарандарга дээрлик 700 миң кеңеш берилген.

«119» колл-борбору 2015-жылдын августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине инновациялык технологияларды, анын ичинде биометрикалык маалыматтар боюнча идентификациялоону колдонуу менен шайлоолорду өткөрүүнүн алдында ачылган. Ошол мезгилден тартып, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо, референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өткөрүлүштү.

Контакт борборун түзүүнүн негизги максаты – шайлоочулар тизмелерин тактоо боюнча, жарандардын шайлоо процессиндеги укуктары жана мүмкүндүктөрү боюнча кеңеш берүүчү кызматтарды сунуштоо болгон. Мында абоненттер маалыматтар сактала турган биометриканын өзү, кыргызстандыктар чет өлкөлөрдө добуш бере алышаары, биомаалыматтарды каттоону жүргүзүү канчалык укук ченемдүүлүгү тууралуу билүүнү көбүрөөк каалашкан. Операторго жеңил болбогонун моюнга алуу керек. тизмелер жана биометрика боюнча 220 миңден ашуун чалуу кабыл алынган.

Шайлоолор аяктагандан кийин, колл-борбор ишин улантуусу керек деген чечим кабыл алынган жана ал сурап-билүү маалыматтарын берүү менен калкка МККнын кызмат көрсөтүүлөр боюнча жардам бериши керек эле: паспорт, ЖААК, транспорт, кыймылсыз мүлк жана башкалар.

Интернеттин активдүү колдонуучулары үчүн МККнын бардык ресурстарында (grs.gov.kg, infocom.kg, portal.tazakoom.kg, nomer.srs.kg) онлайн чаттар кошулган, бардыгы болуп 35 968 абонентке кызмат көрсөтүлгөн, жана кайрылган жарандардын көпчүлүк бөлүгү республиканын чектеринен тышкары жашагандар.

Колл-борбор сапаттуу кызматтарды сунуштоо үчүн заманбап жабдуулар жана программалык камсыздоо менен жабдылган. Суроолордун категориялары боюнча чалуулардын санынын жана сапатынын электрондук эсепке алуусу жүргүзүлөт, IVR-тутум жөнгө салынган. Мында «Инфоком» МИси аутсорсинг кызматтарын сунуштоо мүмкүндүгүнө ээ болгон мамлекеттик сектордогу жападан-жалгыз контакт борбор болуп саналат. Биздин кызматкерлерибиз окутууну жана аттестациялоону туруктуу өткөрүп турушат. Маал-маалы менен “Мыкты кызматкер” наамына сынак жүргүзүлөт.

           

Арткы бети

Колл-борборго көп учурда жашы улгайып калган адамдар чалышат, алар операторлор менен бардык нерселер тууралуу сүйлөшүп, сураштырып, шашпай баарлашууну жактырышат.

Адаттан тыш өтүнүчтөр менен дагы кайрылышат. Мисалы, бир эркек кайрылып, 2017-жылдын үлгүсүндөгү жоготулган паспортун (ID) «сигнализация» боюнча таап берүүнү суранган, ал анын ою боюнча кошо орнотулган чибинде иштеши керек болчу. Же болбосо шайлоонун алдында анын биометриканы айыл өкмөтүнө тапшырууга кеткен аялына, тезирээк үйгө кайтып келүүсүн айтып коюуну өтүнгөн абонент да болгон.

Баарынан көп бизге ыраазы болушкан абоненттер болуп жашы улгайгандар эсептелишет, алар акыркы жылдар ичинде документтертирүү тутуму канчалык катуу өзгөргөнүн жана жөнөкөйлөштүрүлгөнүн билишет жана салыштыра алышат. Кошумча шарттар түзүлгөн, үйдөн чыкпастан паспорттун даяр болушу тууралуу кызыктырган маалыматты алуу мүмкүндүгү бар, базада каттоосунун дареги болоти жана башка көптөгөн жаңы нерселер киргизилген. ДМЧАлар, УАСтын ардагерлери, карылар үйүйнүн жана интернаттардын тургундары үчүн акысыз негизде көчмө документтештирүү кызматы дагы популярдуу.

“119” мамлекеттик колл-борбор экенин эске алып, маал-маалы менен операторлорго сын-пикирлерди жана кыжырданууларды угууга туура келет. Бирок, күн сайын биз Кыргызстанда жашоочу же анын чегинен тышкары турушкан жарандардан аларга миңдеген километр аралыктан туруп, зымдын берки учунан жардам берип жатышкан опернаторлорго ыраазычылыктарын жана оң пикирлерди алып жаткандыгыбыз маанилүү.

Биз «119» МККнын колл-борборунун жети жүз миңден ашуун абоненттерине пайда алып келе алгандыгыбызга ишенебиз жана мындан ары дагы каттоо тутумун жакшыртуу үчүн эмгектене бермекчибиз.