Жарыяланган 23/04/2018
Инфокомдун кызматкерлери түштүк магистралда ишембилик өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 21-апрелинде «Инфоком» МИнин кызматкерлери Масалиев көч. (түштүк магистраль) Байтик Баатыр көч. тартып Чыңгыз Айтматов проспектине чейинки үзүндүсүндө ишембилик өткөрүүгө чыгышты.

Бардыгы болуп ишембиликке ишкананын борбордук аппаратынын, Мамлекеттик персонификациялоо борборунун, калкты тейлөө борборлорунун (КТБ), Мамлекеттик номер белгилерин даярдоо борборунун жана Телефондук тейлөө борборунун жүздөн ашуун кызматкерлери катышышты.

Кызматкерлер көрсөтүлгөн тилкедеги таштандыларды толук жыйнашып, андан ары жок кылуу үчүн «Тазалык» муниципалдык ишканасына өткөрүп беришти.

Ишембилик КР Өкмөтүнүн «Таза Жашоо» улуттук кампаниясынын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, санитардык абалын жакшыртуу боюнча графигине ылайык өткөрүлгөн.