Жарыяланган 05/03/2018
«Инфоком» МИсинде Кыргыз Республикасынын Туусунун күнүнүн жана улуттук баш кийим болгон Ак Калпак күнүнүн урматына салттуу иш-чаралар өткөрүлүштү

«Инфоком» МИнин  борбордук аппаратында жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө Кыргыз Республикасынын Туусунун күнүнүн жана улуттук баш кийим болгон Ак Калпак күнүнүн урматына салттуу иш-чаралар, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июлундагы №825-VI "5-мартты жыл сайын белгиленүүчү Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө" токтомунун алкактарында уюштурулушту.

Борбордук аппаратта жана Калкты тейлөө борборлорунда туу көтөрүүчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын Гимни алдында Тууну эл алдына алып чыгышы уюштурулду, бул иш-чарага кызматкерлер улуттук оймо-чийимдери бал кийимдерди жана калпактарды кийип катышышты.