Жарыяланган 14/03/2018
МКК: Эми паспорт алуу үчүн документтерди «Азия Молл» соода-көңүл ачуу борборунан тапшырууга мүмкүн болот

Үстүбүздөгү жылдын 14-мартында «Азия Молл» соода-көңүл ачуу борборунда мини Калкты тейлөө борбору өз ишин расмий түрдө баштады. Мини КТБ документтерди кабыл алуу жана фотосүрөткө тартуу үчүн бардык зарыл болуучу техникалык жабдуу менен камсыздалган. Кызматтар үчүн акы төлөөгө бул жерде терминал орнотулган.

Жаңычылыктардын бири болуп шейшембиден тартып жекшембиге чейинки, саат 10:00дөн тартып 19:00гө чейинки иштөөнүн жаңы графиги эсептелет, тыныгуу саат 14:00дөн тартып 15:00гө чейин, дем алуу күнү дүйшөмбү. Ошентип, документтерди дем алыш күндөрү дагы тапшырууга болот, бул калктын иштеген бөлүгү үчүн абдан ыңгайлуу.

Белгилей кетүү керек, бул үчүнчү мини КТБ. Мурдараак 20-февралдан тартып «Ташрабат» СКБсында жана «Глобус» СМсында (ЖЭБдин каршысындагы) борборлор иштей башташкан.

Мини КТБларда кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү түрлөрү сунушталышат:

  1. Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын-паспортун (ID-карта) тариздетүүгө жана даярдоого карата документтерди кабыл алуу;
  2. 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортту (ЖЖП) тариздетүүгө жана даярдоого карата документтерди кабыл алуу;
  3. ID-картадагы чиптен көчүрмөлөрдү, ошондой эле даректик маалымкаттарды берүү;
  4. Кеңеш берүү;
  5. Жарандарды электрондук форматтагы МККнын кызматтарынан пайдалануу көндүмдөрүнө акысыз окутуу.
  6. Даректи каттоо.
  7. Персоналдык идентификациялык номерди ыйгаруу (ПИН).

Келечекте ЖААКтын, транспорттун жана кыймылсыз мүлктүн башка кызматтарын сунуштоону дагы кошуу каралууда.