Жарыяланган 09/02/2018
«Инфоком» МИси Ысык-Көл областынын жападан-жалгыз балдар үйүнө материалдык жардам көрсөттү

КРӨгө караштуу МККнын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы Ак-Суу балдар үйүнө өндүрүштүк кир жуугуч машинаны жана кургаткычты оңдоо үчүн 42 616 сом өлчөмүндөгү материалдык жардам көрсөттү, ошондой эле маалыматтык программаларды үйрөнүү жана интернетти өздөштүрүү максаттарында персоналдык компьютерлердин 10 комплектин бөлүп берди.

Балдар үйү 1996-жылдын 20-октябрында уюштурулган жана иш алып барууда, 110 балага эсептелинген. Азыркы учурда бул жакта туруктуу жашап жана тарбияланып жатышкан 3 жаштан 18 жашка чейинки 82 бала бар, алар жетимдер жана ата-энелери укуктарынан ажыратылган балдар. Бул балдар үйү Ысык-Көл областы боюнча жападан-жалгыз мамлекеттик балдар үйү.

«Инфоком» МИси Ак-Суу балдар үйүнө туруктуу негизде колдоо көрсөтүп турууну пландаштырууда.