Жарыяланган 20/02/2018
МКК: Бишкектин соода борборлорунда эми паспортту тариздетүүгө дагы мүмкүн болот

МКК үстүбүздөгү жылдын 13-февралында расмий түрдө борбор калаабыздын «Ташрабат» жана «Глобус» соода борборлорунда мини Калкты тейлөө борборлорунун расмий иш баштоосун уюштурат. Мини КТБлар документтерди кабыл алуу жана сүрөткө тартуу үчүн бардык зарыл болгон техникалык жабдуулар менен камсыз болушкан. Кызмат көрсөтүү үчүн жеринде акы төлөөгө карата терминалдар орнотулушкан.

Жаңычылыктын бири болуп иштөөнүн шейшембиден тартып жекшембиге чейинки графиги эсептелет, саат с.10:00дөн с.19:00гө чейин, тыныгуу саат 14:00дөн тартып 15:00гө чейин, дем алыш - дүйшөмбү. Ошентип документтерди дем алыш күндөрү тапшырууга мүмкүн болмокчу, бул иштеген калк үчүн абдан ыңгайлуу болмокчу.

Мини КТБларда кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү түрлөрү сунушталышат:

  1. Кыргыз Республикасынын жаранынын  2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы – паспортун (ID-карта) тариздетүүгө карата документтерди кабыл алуу жана даярдоо;
  2. 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортту (ЖЖП) тариздетүү жана даярдоого карата документтерди кабыл алуу;
  3. ID-картадагы чиптен көчүрмөлөрдү, ошондой эле даректик маалымкатты берүү;
  4. кеңеш берүү;
  5. Жарандарды МККнын кызмат көрсөтүүлөрүнөн электрондук форматта колдонуу көндүмдөрүнө акысыз окутуу.

Келечекте ЖААК, транспорт жана кыймылсыз мүлк кызмат көрсөтүүлөрү кошулмакчы.

МККнын Төрагасы Д.Догоев белгилеп кеткендей: «Аталган долбоор кызмат тарабынан бизнес коомдоштук менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаңы доорго кырк кадам» программасынын алкактарында калк үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максаттарында ишке ашырылууда».