Жарыяланган 06/12/2017

2017-жылдын 06-декабрынан тартып МККга караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы  10 адамдан тартып андан жогору юридикалык жактарды жана жеке адамдарды көчмө корпоративдик документтештирүү боюнча жаңы кызматты ишке киргизет. Кызмат көрсөтүү Бишкек жана Ош шаарларындагы Калкты тейлөө борборлоруна караштуу мобилдик топтун операторлору тарабынан сунушталмакчы.
Аталган кызмат көрсөтүү өз убактысын үнөмдөөнү каалаган колу бошобогон адамдарга жумуш ордун таштап кетпестен паспорт алууга мүмкүндүк бермекчи. Модбилдүү топтун операторлору үйгө, кеңсеге же башка каалагандай жерге арыз берүүчү үчүн ыңгайлуу алдын ала сүйлөшүлгөн убакытта бара алышат. Адистерди чакыруу үчүн каалагандай ыңгайлуу ыкма менен билдирме берүү жетиштүү болот:

  • телефон боюнча: +996 (312)586060, (550)077594
  • расмий сайттарда: grs.gov.kg и infocom.kg
  • электрондук почта боюнча: smg@infocom.kg

мобилдик топтун кызматтарынын баасы:

  • 1 адам - 1616 сом
  • 10дон тартып 19 адамга чейин - 1 адам үчүн 725 сом 
  • 20дан тартып 29 адамга чейин - 1 адам үчүн 415 сом 
  • 30 адамдан жогору - 1 адам үчүн 312 сом 

Көчмө тейлөөгө кеңеш берүү жана документтерди кабыл алуу кирет.
Кызмат берүүлөр боюнча толук маалыматты Сиз, Call-борбордун 119 номерине чалып (чалуу байланыштын бардык операторлору үчүн акысыз) биле аласыз.
Белгилей кетүү керек, төмөнкү категориядагы жарандарга аталган кызмат көрсөтүү акысыз сунушталмакчы:

  • Улуу Ата Мекендик согуштун ветерандары;
  • карылар үйүндө жашап турган адамдар;
  • I (биринчи) топтогу майыптар;
  • балдар үйүнүн тарбиялануучулары жана жетимдер