2017-жылдын 01-декабрында МКК алгачкы жаңы үлгүдөгү гербдүү ЖААК күбөлүктөрүн берүүнү баштады, бул күбөлүктөр корголушунун жогорку даражасы жана документтин реквизиттерин смартфондун жардамы менен окуу үчүн QR-кодунун бар болушу менен айырмаланышат. Алгачкы арыз берүүчүлөр туулгандыгы тууралуу жана никелешүүсү тууралуу жаңы күбөлүктөрдү,ой эле символикалуу белектерди жаңы жагдайларда ала алышты.
ЖААКтын жаңы документтерине өтүү, жарандарды документтештирүү тутумундагы негизги мааниге ээ болгон олуттуу милдет болгон. Эми бул ыкма ЖААК документтерин жасалмалоо менен байланышкан кыянаттык кылууларды чыгарып салууга мүмкүндүк берет, анткени документтердин толтурулушу жана мөөр басуу атайын матрицалык принтерлер аркылуу «ЖААК» автоматташтырылган маалыматтык тутумунан (АМТсынан) тике алынып жүзөгө ашырылат жана ошондой эле технологиялык, полиграфиялык коргоонун жогорку даражасына ээ, бул толугу менен документтерди кол менен толтурууну жана аларды жасалмалоону жокко чыгарат.
Жаңы үлгүдөгү күбөлүктөрдү берүү 2017-жылдын 17-майындагы №294 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жарандык абалдык актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө бланктардын формаларын жана аларды толтуруу тартибин бекитүү жөнүндөгү токтомуна ылайык башталган.