Жарыяланган 28/11/2017
Түрк Республикасынын Юстиция министрлигинин башында министрдин орун басары Муса Хейбет турган делегациясы Калкты тейлөө борборуна келишти

Бүгүн, 2017-жылдын 28-ноябрында башында министрдин орун басары Муса Хейбет турган, Эл аралык укук жана тышкы байланыштар боюнча башкы дирекцияга караштуу башкармалыктын начальниги Ахмет Башаран жана Эл аралык укук жана тышкы байланыштар боюнча башкы дирекциянын судья-инспектору Мутлуилкер Белги катышышкан Түрк Республикасынын Юстиция министрлигинин делегациясы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары Манас Сарымсаков Бишкек ш. Калкты тейлөө борборунун иш алып баруусу мсенен таанышышты. Визит эки мамлекеттик юстиция министрликтеринин кызматташуусу боюнча жумушчу сапардын алкактарында өткөрүлдү.

Визиттин жүрүшүндө жаңы форматтагы КТБнын иш алып баруусу, ушул жылдан тартып биометрикалык паспортторду ишке киргизүү жана Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүүнүн алкактарындагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр бизнес процесстерин автоматташтыруу менен таанышуу жүргүзүлдү.

Делегациянын башчысы мырза М. Хейбет борбордук ирээттүү ишин белгилеп, бүткүл командага мындан аркы ийгиликтерди каалап кетти.