Жарыяланган 22/11/2017
«Инфоком» МИси «Туулган жердин сулуулугу» темасына карата мектеп окуучуларынын арасындагы республикалык сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тартуулады

22-ноябрда Кесиптик кошуундар Федерациясынын залында «Туулган жердин сулуулугу» жалпы республикалык сынактын жеңүүчүлөрүнө байгелерин тапшыруу аземи өткөрүлдү.

Сынакка 1-класстан тартып 11-класска чейинки курактагы республиканын ар түрдүү бурчтарынан мектеп окуучулары катышышты, алар өз чыгармачылык иштерин сүрөттөө бөлүгү менен чогуу беришкен. Сынакка катышууга бардыгы болуп 60тан ашуун эмгектер кабыл алынышкан. Алардын эң мыктылары Бишкек шаарынын Калкты тейлөө борборлорунун интерьерин кооздоп турмакчы.

Сынак Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан МККнын Коомдук байкоочулук кеңеши менен биргеликте өсүп келе жаткан муунду мекенчилдик жана руханий тарбиялоо, алардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү максатында, Кыргызстандагы Ыймандуулук, тарбиялоо жана маданият  жылынын алкагында өткөрүлгөн. Жеңүүчүлөргө акчалай жана эстелик белектер тапшырылышты.

 

Сынактын жеңүүчүлөрүнүн тизмеси

 

Кенже топ (1-6-класстар)

1-орун

Таалайбек кызы ПЕРИЗАТ, Нарын окутуучусу Токтобаева Гулбайра

12 000с

2-орун

Таштанова АЙЖАН Тариельевна, Бишкек (окутуучусу Казыбаева Медерина Абеновна)

8 000с

3-орун

Мухамбетова АЛИЭНА, Бишкек (окутуучусу Казыбаева Медерина Абеновна)

5 000с

Кызыктыруучу сыйлык

  • Бакытбек кызы ТАХМИНА, Бишкек
  • Нурбаева НУРКЫЗ, Бишкек (окутуучусу Казыбаева Медерина Абеновна)

1 000с

 

1 000с

Старшая группа (7-11 классы)

1-орун

Нурбекова НУРАЙЫМ Нурбековна, Бишкек (окутуучусу Казыбаева Медерина Абеновна)

12 000с

2-орун

Маматханова БАКТЫГҮЛ, Сокулук

8 000с

3-орун

Акылбекова АДИНАЙ, Бишкек (окутуучусу Казыбаева Медерина Абеновна)

5 000с

Кызыктыруучу сыйлык

Бакыт кызы АЙНАЗИК, Нарын (окутуучусу Шерматов Бакыт)

1 000с