Жарыяланган 02/06/2017
Компьютер аркылуу биометрикалык паспорттон катталган жерин жана үй-бүлөлүк макамын  окуу үчүн программа иштелип чыкты

«Инфоком» МИсинин иштеп чыгуучулары тарабынан эксплуатациялоого компьютердин жардамы менен биометрикалык паспорттон каттоосун жана үй-бүлөлүк макамын контакт окугучтун (карт-ридер) жардамы менен окуу үчүн программа ишке киргизилгендигин Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

2017-жылдын 01-майынан тартып Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык карта – паспортун тариздетүүгө жана берүүгө карата документтерди кабыл алуу башталган. Киргизилген документтин башкы жаңычылдыгы болуп электрондук чиптин бар болушу эсептелет, анда электрондук санариптик колу, фото, манжаларынын сүрөтү жана жеке маалыматтары камтылат. Бул жакта ошондой эле үй-бүлөлүк макамы жана каттоосунун дареги чагылдырылган, ал эми паспорттун тышкы тарабынан алар алынып салынышкан, ушуга байланыштуу жарандын маалыматтарын банктык, медициналык, мамлекеттик, нотариалдык, укук белгилөөчү кызматтарды көрсөтүү үчүн окууга функционалдардын бар болушу зарыл болот.

«KgzEIDReader» - аны МККнын grs.gov.kg («eID» - «Контакт окугуч» бөлүгү) сайтынан акысыз көчүрүп алууга боло турган каттоосунун дарегинин жана үй-бүлөлүк макамын окууга арналган программа.

Белгилей кетүү керек, тиркеменин иштеши үчүн eID үчүн контакт окугучунун техникалык мүнөздөмөлөрүн эсепке алуу зарыл:

  • Стандарттары: ISO 7816 (Class A/B/C)
  • Смарт картасынны өлчөмдөрү: ID-1 (толук өлчөм)
  • Коммуникациялык интерфейс: USB 2.0 (USB 1.1 менен дал келишүүчү)
  • Операциялык тутумдары: Windows 7 32&64, Windows 8.1 32&64, Windows 10 32&64, Linux
  • Сертификаттары / стандарттарга шайкештиги: EMV Level 1, Microsoft WHQL, FCC, CE, VCCI, USB, EN 60950, CCID, PC/SC, RoHS
  • ПК ридер менен иштөө протоколдору: PC/SC, CT-API (PC/SC алдында)
  • Ридердин карта менен иштөө протоколдору: T=0, T=1, S=10 (2-өткөргүчтүү: SLE4432, SLE4442), S=9 (3-өткөргүчтүү: SLE4418, SLE4428), S=8 i2c (SLE 4404)
  • Азыктандыруусу: USB шинасынан

Ошондой эле, юридикалык адамдар үчүн чиптеги маалыматтарды карт-ридерсиз жана программалык камсыздоолорсуз карап чыгуу үчүн альтернативалуу вариант караштырылган. Ал үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен  юридикалык адамдар үчүн жеке кабинетке МККнын электрондук кызматтар порталы «e.srs.kg» аркылуу уруксат берүү тууралуу макулдашууга кол коюу зарыл. Карап чыгуу үчүн жарандын жекелештирилген каттоосу жана үй-бүлөлүк абалы боюнча маалыматтары жеткиликтүү болот. Бул кызмат акысыз негизде көрсөтүлөт.