Жарыяланган 30/05/2017
«Инфоком» өздүк IT-продукттарын «Таза Коом» эл аралык конференциянын алкактарында ЭКСПО көргөзмөсүндө сунуштады

2017-жылдын 30-майында «Жаннат» отелинде «Таза Коом» эл аралык конференциянын алкактарында ЭКСПО көргөзмөсүндө МККга караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы жана Кадастр жана кыймылсыз мүлккө карата укуктарды каттоо департаменти өз көзү менен автоматташтырылган тутумдардын иши менен таанышып жана геодезиялык иштер үчүн жабдууларды карап чыгууга мүмкүн болгон демонстрациялык стенддерди алып чыгышты.

Бардыгы болуп, төмөнкү багыттар боюнча өнөр жайда эксплуатациялоого киргизилишкен 10 даяр продукт көрсөтүлдү: паспорт, ЗАГС, даректик каттоо, мамномерлерди сатуу боюнча онлайн-аукцион, номерлерди өндүрүүнү эсепке алуу, айдоочулук курамды тестирлөө, транспортту жана айдоочулук курамды эсепке алуу, шайлоочуларды идентификациялоо, кадрларды эсепке алуу, мамкызматкерлерди тестирлөө. Белгилей кетүү керек, «Инфоком» МИси 20дан ашуун IT-чечилиштеринин иштеп чыгуучусу болуп саналат, алар КБМРди (Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестри) түзүү архитектурасы болуп саналышат жана айрым бөлүгү республиканын маморгандарына ишке киргизилишкен.

ЭКСПОнун милдети болуп колдо бар чечилиштерди жана технологияларды аларды «Таза Коом» (Акылдуу коом) жалпы улуттук долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө колдонуу менен көрсөтүү үчүн аянтчаны түзүү болуп саналат. Катышуу үчүн башка өлкөлөрдө ушуга окшош долбоорлорду ишке ашыруу учурунда жеткиликтүү тажрыйбага жана тиешелүү практикалык көндүмдөргө ээ болгон ири чет өлкөлүк компаниялар тартылышкан. Ошону менен бирге, көргөзмөнүн аянтчасы маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө ишке тартылышкан, визуалдуу түрдө «Таза Коом» долбоорун ийгиликтүү ишке ашырууга багытталган кызыктыруучу тармактарда инновациялык чечилиштерди көрсөтүүгө жөндөмдүү жергиликтүү компаниялардын катышуусу үчүн ачык.