Жарыяланган 26/05/2017
№71 мектеп-интернатынын 19 окуучусу паспортторду алышты

МККга караштуу «Инфоком» МИси Ыймандуулук, тарбия жана маданият жылын өткөрүү боюнча иш-чаралар планынын алкактарында жана Балдарды коргоо Күнүнө карата Кыргыз Республикасынын жарандарынын документтерин Тоголок Молдо ат. №71 орто билим берүүчү мектеп-интернаттын тарбиялануучуларына салтанаттуу ыйгарууну уюштурду.

Мектеп окуучуларынын ичинен тогузу идентификациялык картаны жана жалпы жарандык паспортту алууга карата документтерди тапшырышты, мектептин калган он жашы жете элек тарбиялануучулары Россия Федерациясында өтө турган Эл аралык балдар фестивалына чыгууга байланыштуу жалпы жарандык паспортту алууга карата документтерин тапшырышкан.

Ошондой эле туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү бузулуп калуусуна байланыштуу алмаштырууда дагы көмөк көрсөтүлгөн, жалпы жарандык паспортторду персонификациялоо ишкананын эсебинен жүргүзүлгөн жана Москва ш. фестивалга катышуу үчүн форма сатылып алынган.

Мектеп жетекчилиги тарабынан жалпы ишмердик жана окуу процесси боюнча бет ачар сунушталган, өз кезегинде «Инфоком» МИнин директору Талант Абдуллаев IT-багытындагы окутуу боюнча колдоо көрсөтүүгө жана окуучуларды документтештирүүдө мындан аркы ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин айтты.