«Түндүк» ведомство аралык электрондук өз ара аракеттенишүү тутуму – бул мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коммерциялык уюмдардын ортосундагы коопсуз маалымат алмашуу платформасы.
«Түндүк» ВЭӨТү коррупцияны олуттуу кыскартуу жана жарандар үчүн бюрократтык бөгөт коюуларды автоматташтыруунун жана анык маалыматтарды алууну камсыздоонун эсебинен төмөндөтүү менен, башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
«Түндүк» ВЭӨТүн ишке киргизүү уюмдар ортосунда иш алып баруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, сунушталуучу кызматтардын өз умаалында жана сапаттуу болушун жогорулатууга, ошондой эле ыкчам жана анык маалымат берүүнүн мүмкүн болушуна көмөк көрсөтөт.
«Түндүк» ВЭӨТүнө туташуу үчүн зарыл болуучу документтер:
- «Түндүк» ВЭӨТүнө туташууга карата билдирмени толтуруу;
- «Түндүк» ВЭӨТүнө туташуу тууралуу оферта келишиминин шарттары менен таанышуу;
ЭСКны жана токенди алуу үчүн документтер тизмеси https://infocom.kg/ru/pki/entity/
Мамлекеттик органдар жана уюмдар ортосундагы «Түндүк» ВЭӨТү жөнүндө Типтүү макулдагшуу
Кеңири маалыматты сиз сайттан ала аласыз: https://tunduk.gov.kg