Жарыяланган 24/05/2017
МКК: «Өз шайлоо участогуңду акысыз SMS аркылуу билип ал» интерактивдүү кызмат көрсөтүү ишке киргизилди

Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарга ыңгайлуу болушу жана шайлоочулар менен кайтарым байланыш түзүү үчүн «Өз шайлоо участогуңду акысыз SMS аркылуу билип ал» аталышындагы интерактивдүү кызмат көрсөтүүнү ишке киргизди.

Эми 18 жаш курагына толгон ар бир жаран мобилдик телефон аркылуу, «119» кыска номерине SMS-билдирүү жөнөтүүнүн жардамы менен өзүнүн шайлоо участогун тактай алат. Ал үчүн өзүнүн ПИНин (14 сандуу жеке идентификациялык коду) жөнөтүшү зарыл, тутум автоматтык түрдө, жаран кайсы шайлоо участогуна кире тургандыгы тууралуу жооп кылат. Так эместиктер табылган учурда, «119» колл-борборуна тактоо үчүн кайрылууга мүмкүн болот.

Бул кызмат көрсөтүүнүн негизги артыкчылыгы болуп, эгерде мурун жаранга өзүн шайлоочулар тизмесинен тактап алуу үчүн жашаган жери боюнча участкалык шайлоо комиссиясына барууга туура келген болсо, эми бул кызмат менен жөн гана билдирүү жөнөтүүнүн жардамы менен каалагандай ыңгайлуу жерден колдонууга мүмкүн болгондугу эсептелет.

Белгилей кетүү керек, акыркы эки жыл ичинде МКК, шайлоочулар тизмесин түзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган катары тизмелердеги калктын маалыматтарын актуалдаштыруунун үстүнөн туруктуу иш алып барууда. Алсак, 2015-жылы МККнын операторлору жарандарга шайлоо процесси, тизмелерди тактоо жана кызматтын башка ишмердиги боюнча маселелер тууралуу кеңеш берише турган «119» маалымдама колл-борбору иштетиле баштаган, ошондой эле кайтарым байланышы бар shailoo.srs.kg сайты түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик байланыш агенттигинин жана республиканын «Мегаком», «Билайн» жана «О!» байланыш операторлорунун колдоосу менен SMS-билдирүүлөр кызматы кошулду, бул кызмат  2017-жылы май айында өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын жана үстүбүздөгү жылдын күз айларында өткөрүлө турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоолорду эске алуу менен ишке ашырылган.

SMS-билдирүүлөр тутуму МККга караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыгарылган.