Жарыяланган 19/05/2017
Ош областынын Өзгөн шаарында жаңы форматтагы КТБ ачылды.

Бүгүн 19-майда Өзгөн шаарында, Ош областынын Өзгөн районунда жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору (КТБ) ачылды.

Борбордун салтанаттуу ачылышына Өзгөн районунун акими Олжобай Осмоналиев, Өзгөн шаарынын мэри Саипжан Пратов, КРӨгө караштуу МККнын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору Мухабат Пратова, КРӨгө караштуу МККнын алдындагы «Инфоком» МИнин директорунун орун басары Акын Мамбеталиев жана аймактык түзүлүштөрдүн башка жетекчилери катышышты. Ачылыш аземи маалында жарандарга алгачкы идентификациялык карталар жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр тапшырылды.

Жаңы имаратта паспорттук-виза жана каттоо иштеринин жана ЖААКтын бардык бөлүмдөрүн «бирдиктүү терезе» принциби боюнча бириктирип жана бирге жайгаштырууга мүмкүн болду, бул документтештирүү, жашаган жери боюнча каттоо, ПИН (персоналдык идентификациялык номер) алуу, никелешүүсүн каттоо, туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алуу жана башка каттоо кызматтары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн максималдуу санын сунуштоого шарт түзөт. Эми Өзгөндө дагы документтештирүүнүн шашылыш тартиби боюнча 8 күндө паспортту жана автого кооз мамлекеттик номерди алууга мүмкүн боло тургандыгын баса белгилеп кетүү керек.

КТБ шаардын борборунда райондук билим берүү имаратында, административдик имараттардын жана маммекемелердин жанына жакын жайгашкан. Имараттын жалпыв аянты 350 чарчы метрди түзөт, анда капиталдык оңдоолор жүргүзүлүп, тиешелүү эмеректер алынып келинген, зарыл болуучу көрсөткүчтөр орнотулушкан жана документтер тизмеги боюнча бардык маалыматтар жайгаштырылган, касса, фото жана ксерокөчүрм кызматтары калктын ыңгайлуулуктары үчүн жайгаштырылышкан, ошондой эле алдындагы аймакта авто токтоо жайы жана парк зонасы бар.

Эскерте кетсек, мурда «паспорттук стол» эски бир кабаттуу, барак тибиндеги имаратта, майда, оңдолбогон кабинеттерде жайгашкан, адамдар кезегин көчсөдө туруп күтүшчү.
Долбоор МККнын 2017-жылга карата Иш планынын алкактарында жана калкты документтештирүү процесстерин автоматташтыруу, МКК тутумунда коррупциялык көрүнүштөрдү түп-тамырынан жок кылуу максаттарында ишке ашырылган.

КТБнын жайгашуу дареги: Ленин көч., 315.