Жарыяланган 04/11/2022
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу туулгандыгы тууралуу күбөлүктү тариздөө жаңы сервис - онлайн режиминде ишке киргизилди

Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы portal.tunduk.kg аркылуу туулгандыгы тууралуу күбөлүктү тариздөө жаңы сервис - онлайн режиминде пилоттук режимде ишке киргизилди.

⠀"ЖААК" системасынын техникалык оператору болуп КР СӨМ алдындагы "Инфоком" МИси.

⠀Жаңы кызмат төмөндөгү мүмкүнчүлүктөрдү берет:

  • туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алууга арыз берүү;
  • "Балага сүйүнчү" жөлөк пулду алуу жана банкты тандоо;                                                                                                                                                   
  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк үчүн төлөө үчүн онлайн квитанцияны алуу;
  • жаранга ыңгайлуу боло турган КТБны тандоо.

⠀Кызмат көрсөтүүнү онлайн алуу үчүн КТБден акысыз берилүүчү электрондук булут кол тамгасын болушу зарыл.

⠀Ошондой эле даяр күбөлүктү ыңгайлуу КТБден алуу үчүн тандоо шарты бар.

⠀Мындан ары жеткирүү кызматын ишке киргизүү пландаштырылууда.

⠀Пилоттук долбоордун экинчи этабында каза болгондугу жөнүндө күбөлүктү алуу үчүн онлайн режиминде тапшыруу болот.