Жарыяланган 08/09/2022
Булут кол тамгасын эми БШКнын билим берүү борборлорунан алууга болот

"Инфоком" менен БШКнын ортосунда 2022-жылдын сентябрынан тартып электрондук булут кол тамгасын (ЭБК) берүү боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишим түзүлгөн.

Кызматташтык "Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору" долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

"Инфоком" МИнин адистери БШКнын кызматкерлерин булутка негизделген электрондук кол тамга берүү боюнча окутушту.

Ыйгарым укуктарды берүү ЭБКны калкка берүү чөйрөсүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет, анткени ушул убакка чейин аларды Калкты тейлөө борборлорунан гана алууга болчу.

Булут кол тамга АКЫСЫЗ берилет.

Санариптик билим берүү боюнча долбоордун багытынын негизги максаты - жарандардын санариптик кызматтарды, электрондук сервистерди пайдалануу үчүн санариптик көндүмдөрүнүн деңгээлин жогорулатуу жана заманбап санариптик технологияларга болгон ишенимин жогорулатуу. Ошондой эле жаштарды Кыргыз Республикасында санариптештирүүнү ар кандай чөйрөлөрдө өнүктүрүүнү колдоого тартуу үчүн.