Жарыяланган 07/09/2022

КР БШКнын алдындагы "жарандык жана санариптик билим берүү борборлору" долбоорун ишке киргизүүгө даярдыктын алкагында КР БШК менен бизнес-ассоциациялардын, мамлекеттик мекемелердин жана агенттиктердин, санариптик долбоорлордун жана башка уюмдардын ортосунда региондордо биргелешкен билим берүү иши жөнүндө макулдашууларга жетишилди.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги бул долбоордун алкагында алдыңкы мамлекеттик орган - санариптик билим берүү боюнча өнөктөш болуп саналат.

Өз кезегинде, "Инфоком" МИси КР БШКга электрондук булут колтамгасын берүү боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берди жана кызматкерлерди окутуп чыкты.

"Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору" долбоорун ишке киргизүү боюнча иш-чарага КР МБКнын алдындагы "Инфоком" МИнин директору Асель Кененбаева катышты.