Жарыяланган 06/09/2022
Кыргызстанда 5G байланыш тармагынын расмий бет ачары өттү

Кыргызстанда 5G байланыш тармагынын расмий бет ачары болуп өтүп, Дордой Плаза-2 соода жана оюн-зоок борборунда көргөзмө павильону салтанаттуу ачылды.

Буга чейин КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы уюлдук операторлорго 5G технологиясын сыноого уруксат берген.
Бүгүн MegaCom мамлекеттик уюлдук оператору маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү акылдуу аппараттардын жана инфраструктуранын дүйнөдөгү алдыңкы өндүрүүчүсү - Huawei Technologies Bishkek Co. Ltd. менен биргеликте 5G сыноо аймагын ишке киргизди.

КР Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов ачуу аземинде: «Бүгүн биз жаңы технологиялык өнүгүүнүн босогосунда турабыз – бул бешинчи муундагы зымсыз байланыш – 5G киргизүү.
Биз баардыгыбыз байланыштын бул түрү жөнүндө угуп келгенбиз, эми бизде бул стандартты сыноо мүмкүнчүлүгү жаралды. 5G жөн гана жаңы жана жогорку ылдамдыктагы мобилдик байланыш стандарты эмес. Келечекте 5G тармактарын киргизүү биздин дүйнө таанымыбыздын өзгөрүшүнө алып келип, бүтүндөй коомдун өзгөртүшү мүмкүн.

5G эмне үчүн бизди кызыктырууда? Албетте, анын жогорку өткөрүү жөндөмдүүлүгү. Мисалы, колдонуучу бир нече секунданын ичинде толук метраждуу тасмаларды жүктөй алат, чоң көлөмдөгү маалымат менен иштей алат, 5G ишенимдүү жана тезирээк байланышты камсыздайт, видео чаттардагы баарлашуулар реалдуураак болот»- деп белгиледи.
Бешинчи муундагы байланыш стандартынын уникалдуу мүмкүнчүлүктөрүн жеке сынап көрүүнү каалагандар үчүн 5G технологиялар көргөзмөсү Дордой Плаза-2 соода борборунда 2022-жылдын сентябрынын аягына чейин уланат.