Жарыяланган 01/09/2022
9 сентябрь 2022-жылда Бишкекте эл аралык IT-форуму өткөрүлөт

Эл-аралык IT-форум Россия жана Кыргызстан Санарип өнүктүрүү Министрликтердин колдоосу менен өткөрүлөт.

Форумдун башкы темалары:
- Маалыматтык технологиялардын өнүгүүсү жана санариптик трансформациянын тенденциялары
- open source
- IT-кадрларды даярдоо
- Санарип коопсуздук

Форумда Кыргызстан, Россия, Беларусь жана Казахстандын мамлекеттик органдар, IT-компаниялар, илимий өкүлдөр катышат.

Биз бардык каалоочуларды форумга катышууга жана тармактын адистери менен бирге санариптик трансформациянын артыкчылыктуу маселелерин чечүү жолдорун талкуулоого чакырабыз.

Форумдун спикерлеринин арасында:

▫️ФКУ "ГосТех" - Василий Слышкин
▫️МИ "Инфоком" - Асель Кененбаева
▫️ММ "Тундук" - Чынгыз Аманатов
▫️Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын аткаруучу директору Чубак ТемировДата: 2022-жылдын 9 сентябрында.

Өткөрүү жайы: Бишкек ш., Кыргыз-Россия Славян Университети