Жарыяланган 19/04/2022
2022-жылдын 1-майынан 9-майына чейин эс алуу күндөрү деп жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген өндүрүштүк календарга ылайык, 2022-жылдын 1-майынан 9-майына чейин эс алуу күндөрү деп жарыяланды.

Ага ылайык, өлкө боюнча КТБ жана аймактар аралык башкармалыктар 10-майдан тартып иштей баштайт.

Алдыдагы дем алыш күндөрүн жана документтердин даярдоо мөөнөтүн эске алуу менен даяр документтерди алуу жана документ алууга арыз тапшыруу маселелерин алдын ала кароону өтүнөбүз!

Паспорт берүү мөөнөттөрү:

ID-карта жөнөкөй тартипте - 12 жумушчу күн;

Жалпы жарандык паспорт - 18 жумушчу күн;

16 жашка чейинки балдар үчүн жалпы паспорт - 10 жумушчу күн.

Паспортту шашылыш түрдө 2, 4 жана 8 күндө алса болот;

Борбор калаанын калкты тейлөө борборлорунда 3 саат.

Паспорт алуу үчүн каалаган КТБна, аймактар аралык бөлүмдөргө кайрылса болот.