Жарыяланган 15/09/2021
СӨМ жана ЖКККББ биргелешип электрондук санариптик документтерди тесттен өткөрүшүүдө
«Tunduk» мамлекеттик порталынын мобилдик тиркемесиндеги «Санариптик документтер» жаңы сервиси кыргызстандыктарга санариптик паспортту колдонууга, КР ИИМдин кызматкерлерине санариптик айдоочулук күбөлүктү тике түрдө өзүнүн смартфонунан транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүгү менен чогуу көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
 
Долбоор КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги тараптан КР ИИМ менен биргеликте  ишке ашырылган. Техникалык иштеп чыгуучу болуп КР СӨМгө караштуу «Инфоком» МИси эсептелет. Үстүбүздөгү жылдын 13-сентябрынан тартып долбоор тесттик режимде бүткүл Кыргызстан боюнча ишке киргизилген. 
 
Смартфондогу санариптик айдоочулук күбөлүк жана транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүк пластик айдоочулук күбөлүктөрдүн түп нускасына окшош, уникалдуу QR-кодду жана бир жолу колдонулуучу сыр сөздү камтышат.
 
Өз кезегинде КР ИИМ ЖКККББнын кызматкерлери текшерүүнү планшеттердин жана атайын программалык камсыздоонун жардамы менен жүзөгө ашыруу мүмкүндүгүнө ээ болушат. 
 
Белгилей кетүү керек, бүткүл процесс жогорку коопсуздукка ээ жана үчүнчү жактардын мүмкүн болгон алдамчылык аракеттерин болтурбайт, анткени бир жолку коддор автоматтык түрдө генерацияланышат (алардын жарактуу болуу мөөнөтү чектелген жана 3 мүнөттөн ашык эмес убакытта аракетте болот).  
Азыркы учурда «Санариптик документтер» сервисинде 3 документ берилүүдө:
- идентификациялык карта; 
- айдоочулук күбөлүк; 
- транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүк.
 
Аталган кызматтан пайдалануу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- КТБдан булут электрондук колтамгасын алуу;
- App Store же Play Marketтен “Түндүк” тиркемесин көчүрүп алуу;
- мобилдик тиркемеде булут электрондук колтамганын жардамы менен авторизациялануу;
- тиркемеден «Санариптик документтер» бөлүгүнө өтүү;
- документти тандоо жана бөлүшүү;
- ИЖНди жана телефондун экранында пайда боло турган кыска кодду айтуу.