Жарыяланган 07/09/2021
СӨМ: Биринчи жарым жыл ичинде 200 миңге жакын жарандар «119» колл-борборунан кеңештерди ала алышты

Күн сайын «119» колл-борборуна дээрлик 1500 адам Санариптик өнүктүрүү министрлигин багыттары боюнча паспорт алуу, ЖААК, транспортту каттоо жана башка кызматтар маселелери боюнча кайрылышат. 2021-жылдын биринчи жарым жылы ичинде кеңештерди дээрлик 200 миңге жакын жаран ала алышты. 100 даттануу келиш түшүп, алардын ичинен 90% иштелип чыгарылган жана тийиштүү чаралар кабыл алынган.

⠀«119» колл-борборунда ар бир жаран Калкты тейлөө борбору, паспорт, ЖААК, чет өлкөлүк жарандарды каттоо, айдоочулук күбөлүк, транспортту каттоодон өткөрүү, шайлоочулар тизмелерин тактоо, мамномерлердин өзгөчө айкалыштарынын онлайн-аукциону, электрондук булут колтамгасын алуу жана башка маселелер боюнча кеңештерди алу мүмкүндүгүнө ээ. Бул жарандарга КТБга келгенге чейин эле зарыл болуучу маалыматты алууга шарт түзөт.

⠀Колл-борбор чалуулардын санын жана сапатын электрондук эсепке алуу үчүн заманбап жабдуулар жана программалык камсыздоо менен камсыз болгон. Интернеттин активдүү колдонуучулары үчүн СӨМдүн бардык ресурстарында (grs.gov.kg, infocom.kg, portal.srs.kg, nomer.srs.kg) онлайн-чаттар туташтырылган, аларда операторлор түздөн-түз иш алып барышууда.

⠀Кызыктуу статистика:

  • «119» колл-борборуна кайрылган аялдардын жана эркектердин саны теңме-тең 50/50;
  • чалуулар саат 10:00дөн 13:00гө чейин активдүү жүрөт;
  • бир кеңеш берүүнүн орточо убактысы - 4 мүн.;
  • күтүүнүн орточо убактысы 1 мүн.

⠀Колл-борбор түзүлгөн учурдан тартып дээрлик 1,5 млн. консультация берүү жүргүзүлгөн. Чалуулардын рекорддук санын кабыл алуу 2020-жылдын 4-октябры күнү Кыргыз Республикасы Президентин шайлоодо болгон, ага 60га жакын оператор ишке тартылып, жарандардан 15 00 чалуу келип түшкөн.

⠀Эскерте кетсек, «119» номерине чалуу Кыргыз Республикасынын бардый баланыш операторлору үчүн акысыз. Убактыңызды текке кетирбеш үчүн, КТБга келүүнүн алдында «119» колл-борборуна алдын ала чалып, документтер тизмегин тактап, каттооңузду текшерип алууну, паспорттун даяр болгонун жана иштөө графигин териштирүүңүздү сунуш кылабыз.