Жарыяланган 22/01/2021
«Инфоком» МИнин кызматкерлери кан тапшырышты

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдарда жана табигый кырсыктар мезгилинде кан жана кан  компоненттеринин кемибес запасын түзүү жөнүндө буйругунун алкагында Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» МИнин кызматкерлери кан тапшырышты.

22-январда "Инфоком" мамлекеттик ишканасынында убактылуу кан топтоо пункту уюштурулуп, ал жерде борбордук аппараттын жана ведомстволук бөлүмдөрдүн кызматкерлери чогулган.

Башталганга чейин, бардык донорлор медициналык кароодон өткөн. Эгерде каршы көрсөтмөлөр жок болсо гана кан тапшыра алганга мүмкүнчүлүк болду. Ар бир донордон 450 мл кан алынды. Процедура, ага даярдануу менен бирге 15 мүнөттөн ашпайт.

Айрымдар биринчи жолу кан тапшырышкан, бирок айрымдар үчүн кан тапшыруу кадимки эле көрүнүш. Донордун каны күн сайын көптөгөн адамдарга талап кылынат, ал адамдардын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк берет.