Жарыяланган 18/01/2021
Чалк-Ойдо айылынын окуучуларына 10 персоналдык компьютер комплектиси белекке берилди

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" МИси Ош облусундагы Өзгөн районунун Көлдүк айыл өкмөтүнө караштуу Чалк-Ойдо айылынын окуучуларына 10 персоналдык компьютер комплектин белекке берди (тутумдук блок; клавиатура; компьютер чычканы; монитор).

Техникалык колдоо көрсөтүүнүн негизги максаты - өлкөнүн алыскы аймактарында маалыматтык программаларды изилдөөгө жана Интернетти өдөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берүү.
“Компьютерлер окуучулар үчүн өтө зарыл. Биздин кайрылуубузга карата көрсөткөн жардам биз үчүн баа жеткис», - деп белгиледи мектептин директору Б.Турдуев.

Үстүбүздөгү жылдын 12-январынан баштап Жаныбек казы айылындагы №64 мектептин окуучулары толук жабдылган заманбап компьютердик класста билим алышат.
Айылда 1,5 миңден ашуун тургун жашайт. №64 мектептин мугалимдер жамааты 22 мугалимден турат, мектепте 270 окуучу билим алат.