Жарыяланган 25/11/2020
МСКке отчетторду тапшыруу үчүн электрондук булут колтамгасын кайдан алуу керек?

МККга караштуу «Инфоком» МИси, юридикалык жактар жана жеке адамдар электрондук булут колтамгасын (ЭБК) электрондук форматта салык кызматына отчетторду тапшыруу үчүн алууга карата, Калкты тейлөө борборлоруна кайрылуу зарыл экендигин маалымдайт.

Мында, белгилеп кетүү керек, электрондук булут колтамгасы азыркы мезгилде акысыз түрдө бир жылга берилет. Кененирээк маалыматты infocom.kg сайтынан «Биздин КБ» бөлүгүнөн алууга болот.

Юридикалык жактар үчүн документтер тизмеги:

1. «Инфоком» МИсинин КБ Регламентине кошулуу жөнүндө Макулдашуу (макулдашууну infocom.kg сайтынан «Биздин КБ» бөлүгүнөн көчүрүп алууга болот).
2. юридикалык жактардын өкүлдөрү үчүн КБ Колдонуучусунун ишеним каты (ишеним катты infocom.kg сайтынан «Биздин КБ» бөлүгүнөн көчүрүп алууга болот).
3. колдонуучунун паспортунун көчүрмөсү (оригинал өзү менен алынып келүүгө тийиш);
4. ыйгарым укуктуу адамды кызмат ордуна дайындоо жөнүндө уюмдун буйругунун көчүрмөсү;
5. уюмдун жетекчисинин дайындалышы тууралуу буйруктун көчүрмөсү;
6. юридикалык жакты мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү.

Жеке адамдар жеке өздөрү кайрылуулары жанапаспортун ала келүүсү керек.

ЭБКны алууга боло турган КТБлардын даректери:


1. Бишкек ш. КТБ-1 (Нуркамал көч., 29);
2. Бишкек ш. КТБ-2 (Чолпон-Ата көч., 2);
3. Бишкек ш. КТБ-3 (Ж.Гвардия бул., 4);
4. Бишкек ш. КТБ-4 (Ауэзов көч., 1/5);
5. Талас ш. КТБсы (Дзержинский көч., 28);
6. Нарын ш. КТБсы (Ленин көч., 39);
7. Ат-Башы а. КТБсы (А.Сулайманов көч., 29);
8. Кочкор районунун КТБсы (Кочкор а., С. Алиев көч., 6);
9. Сокулук а. КТБсы (Шопоков ш., Машиностроительная көч., 1);
10. Панфилов районунун КТБсы (Панфиловка а.);
11. Каракол ш. КТБсы ( Гебзе көч., 124);
12. Ош ш. КТБ-1 (Ленин көч., 318);
13. Ош ш. КТБ-2 (Раззаков көч., 2);
14. Жалал-Абад ш. КТБсы (Барпы Сейил көч., 79Б);
15. Өзгөн ш. КТБ-1 (Ленин көч., 115);
16. Өзгөн ш. КТБ-2 (Прогресс а.);
17. Сузак ш. КТБсы (Тиллабаев көч., номерсиз);
18. Базар-Коргон районунун КТБсы (О. Курбанов көч., 6);
19. Баткен ш. КТБсы (Мурат Салихов көч., 33/1);
20. Кызыл-Кыя ш. КТБсы (А.Султанов көч., 1А );
21. Кызыл-Суу а. КТБсы (Жети-Өгүз р-ну, Кызыл-Суу а., Первомайская көч., 65 (Мамкаттоо имараты, 1-кабат).