Жарыяланган 23/11/2020
«Кооз» номерлердин ээлери кайда жашайт? (Статистика)

Бишкектин жашоочулары сандардын өзгөчө айкалышы бар унаа номурларын эң көп сатып алышат. Онлайн аукциондор аркылуу жана аукционсуз сатылган номурлардин ээлеринин дээрлик 50% борбор калаанын тургундары.

2016-жылдын сентябрь айынан бери Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы 33 617 даана мамлекеттик унаа номурун сатты, анын ичинен борбор калаанын коду «01» менен 15 555 даана.

Суроо-талап боюнча экинчи орунда Чүй облусунун коду «08» - 4625 аукционсуз жана 128 аукцион аркылуу мамлекеттик унаа номери сатылды. Үчүнчү орунду Жалал-Абад облусу ээледи - «04» аймактык коду менен "кооз" номерлердин 3399 ээси бар.

Рейтингде соңку орунда «05» коду (Нарын облусу) турат, сандардын өзгөчө айкалышы бар мындай код менен 766 даана унаа номур сатылган.

2015-жылы мамлекеттик унаа номурлардын жаңы стандарты иштелип чыгып, алардын форматы өзгөрүлдү: аймак сол жактагы өзүнчө терезеде эки орундуу сан түрүндө белгиленип, ал эми тамгалар жана сандардын үч орундуу айкалыштары серияны белгилей баштады. Унаалардын жаңы стандарттагы номурлары 2016-жылдын 1-июндан баштап бериле баштаган.

2016-жылдын 21-сентябрында nomer.srs.kg долбоору старт алган, ал сайт аркылуу сандардын өзгөчө айкалышы бар мамлекеттик унаа номурларын онлайн аукциондор аркылуу жана аукционсуз сатып алууга болот.