Жарыяланган 20/11/2020
Эң көп сатылган унаа номерлеринин рейтинги

Унаа ээлери жолдо башкалардан айырмаланып туруш үчүн «кооз» автономер сатып алышат. Кыргызстанда унаа номерлерин онлайн-аукцион аркылуу сатуу ишке киргизилгенден бери эң көп сатылган унаа номерлеринин рейтингин түздүк.

«010» сандарынын өзгөчө айкалышындагы автономери кыргызстандыктарда эң көп суроо-талапка ээ. Бүгүнкү күнгө чейин тамгалардын айкалышы жана аймактардын коддору айырмаланган мындай номерди аукцион аркылуу 200 даана тоорук кылып сатылды.

Популярдуулугу боюнча экинчи орунда «007» унаа номери - белгилүү кинокаарман Джеймс Бонддун каймана коду. Мындай 135 номер онлайн-аукцион аркылуу ээсин тапкан.

«001» аукциондук автономери рейтингде үчүнчү орунда турат, андай номерден 112 даана сатылган.

«070» - 79 даана,
«005» - 77 даана,
«002» - 72 даана,
«008» - 67 даана,
«111» - 63 даана,
«570» - 51 даана унаа номерлери онлайн-аукциондордо сатып алынган.

Кызыктуу факт, «666» кооз номери онлайн-тоорук кылып 4 гана жолу сатылган.

Нумерологиядагы 666 саны үй-бүлөлүк баалуулуктардын башкалардан үстөмдүгүнүн көрсөткүчү. Бирок карама-каршы да мааниси бар, диндердин биринде бул сандардын айкалышы терс мүнөздөгү каарман менен байланыштырат, ошондой эле кумар оюндарынын биринде казино рулеткасындагы сандардын суммасы 666га барабар.

Эске салсак, эң кымбат унаа номери 2016-жылы онлайн-аукциондо 1 716 000 сомго сатылган.