Жарыяланган 11/07/2016

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2016-жылга карата иш планынын алкактарында 2016-жылдын 11-июлунда Нарын ш. жаңы форматтагы Калкты тейлөө борборунун (КТБ) салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын областындагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Кайыпов А.К., Нарын ш. мэри Адиев Р.Н., КРӨгө караштуу МККнын алдындагы Калкты жана жарандык акттын абалдарын каттоо департаментинин директору Пратова М.К., КРӨгө караштуу МККнын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Мамбеталиев А.М. жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

«Калкты тейлөө борборунун «бирдиктүү терезе» принциби боюнча жаңы форматы калктын документтерди алуудагы абалын бир топ эле жеңилдетет. Баары бир жерде болгону абдан ыңгайлуу, эч жакка чуркабайсың, – деп баа берди КТБнын жаңы форматына Нарын областынын губернатору А.Кайыпов, ал төмөнкүлөрдү кошумчалады: – Азыр сиздер паспорт столун жана ЖААКты бир имаратка бириктирдиңиздер, бул жер Нарын шаарынын Бакыт өргөөсү. Келечекте бул бөлүмдөрдүн кенен жайгашуусу жана имараттын ичинде эркин болушу үчүн, жаңы имарат курууга да мүмкүн болот».

Жаңы форматтагы КТБ, заманбап маалыматтык технологиялар менен жабдылышы жана бир нече кызматтарды көрсөтө тургандыгы менен айырмаланат, алар: паспортторду алууга жана берүүгө карата арыздарды кабыл алуу, каттоо/каттоодон чыгуу маселелери, никени жана никесин бузууну каттоо, туулгандыгын каттоо, фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндүгүн каттоо, даректик-сурап-билүү бюросунун кызматтары. Долбоор калкты документтештирүү процесстерин автоматташтыруу, МКК системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү түп-тамырынан жок кылуу максаттарында ишке ашырылган.

Ошондой эле КТБда жакынкы убактарда документтерди шашылыш кабыл алуу жана жасоо боюнча кызматтар сунушталмакчы, кезек күтүп убакыт короткусу келбеген жарандар үчүн VIP-кабина ачылган. Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн КТБнын имаратынын ичинде МККнын кызматтарынын бардык түрлөрү боюнча төлөмдөрдү кабыл алуу кассасы дагы жайгаштырылган.

Нарын ш. КТБсы төмөнкү даректе жайгашкан: Ленин көч., 39 (Бакыт Өргөөсүнүн имараты).

Документтештирүү учурунда калк үчүн ыңгайлуулуктарды түзүү максаттарында жакынкы убактарда республиканын башка областтарында дагы бир нече КТБнын ачылышы пландаштырылууда.