Жарыяланган 23/10/2020
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер Калкты тейлөө борборлорунан акысыз электрондук кол тамга ала алышат

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы учурда КТБларда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге Бирдиктүү идентификация жана аутентификация тутумуна каттоодон өтүү үчүн булуттуу электрондук кол тамга берилип жаткандыгын маалымдайт.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн БЭКТын болушу, калкка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн, "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу, "InfoDocs" электрондук документ жүгүртүү тутумунда иштөө жана "e-Кызмат" тутумундагы каттоо үчүн зарыл. Бул иш өлкөнүн санариптештирүү концепциясын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Булут кол тамгасын shailoo.gov.kg порталындагы "Шайлоочулардын бөлмөсүндө" иштөө жана мамлекеттик кызматтарды portal.srs.kg сайтынан алуу үчүн каалаган жеке адам да алса болот.

• БЭКТи алуу үчүн паспорт жана жарандын жеке катышуусу талап кылынат;
• БЭКТи өлкө боюнча Калкты тейлөө борборлорунда алууга болот, Бишкек шаарындагы кичи КТБлардан тышкары;
• БЭКТи алуу үчүн суроолор боюнча МККнын "119" колл-борборуна кайрылсаңыз болот.

Өз кезегинде, коммерциялык жана юридикалык жактарга салык декларацияларын жана башка кызматтарды көрсөтүү максатында БЭКТи берүү уюштуруу-техникалык маселелер башка мамлекеттик органдар (МСК, Каржы министрлиги, ММБФ ж.б.) тарабынан чечилгенге чейин токтотулган.