Жарыяланган 21/10/2020
Кыргызстандыктар балдарына койгон адаттан тыш ысымдар

2020-жылдын 9 айында Кыргызстанда 114 миң 823 жаңы төрөлгөн ымыркай наристе катталган. Ата-энелер көбүнчө уулдарына жана кыздарына Умар, Алинур, Раяна жана Амина сыяктуу эң популярдуу ысымдарды тандашат.

Бирок жаңы төрөлгөн ымыркайлардын арасында 2020-жылы катталган адаттан тыш ысымдар дагы болду.

Алсак, балдарга Артыкалы, Жасулан, Жайсаң, Элал, Тенгис, Алистер Белек, Добрыня, Акбалбан, Лелин, Максемус деген ысымдар берилди.
Кыздарга берилген сейрек кездешкен ысымдар: Доминика, Марсиана Нури, Девора, Николина, Атика, Айсенэм, Белек-Айым, Элтаазим, Акылыйман, Балкыял.