Жарыяланган 06/12/2019
Жаңы форматтагы КТБ Базар-Коргондо ачылды

Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунда жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору ачылды. Бул аймактар боюнча эл көп келүүчү эң ири КТБлардын бири, бул жакка Базар-Коргон, Ноокен жана кошуна райондордун жашоочулары каттап турушат.

Анын салтанаттуу ачылышы 2019-жылдын 6-декабрында болуп өттү. Иш-чарага Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Батырканов Тилек, «Инфоком» МИсинин директору Рыскулбек Осмоналиев, бийликтин жергиликтүү органдарынын өкүлдөрү жана аймактын жашоочулары катышышты.

Жаңы имарат заманбап жабдуулар, ыңгайлуу жумуш орундары, сурап-билүү зонасы менен жабдылышкан, электрондук кезек жана байкоо жүргүзүү камералары орнотулушкан. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шарттар караштырылышкан.

Жарандар мында «бирдиктүү терезе» принциби боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектринен колдоно алышат: паспорт жасатуу, ИЖН алуу, "балага сүйүнчү" жөлөк пулун алууга карата документтер, ошондой эле ЖААК сызыгы боюнча кызматтардан колдонуу.

Жаңы КТБнын аянты 385 чарчы метрди түзөт, бул күн сайын 500дөн ашуун адамды тейлөө мүмкүндүгүн берет.

Мурдараак жарандарды кабыл алуу тар имаратта, болгону 76 ч.м. аянтта жүзөгө ашырылуучу, анда күтүү залы жок болчу, адамдар өз кезегин коридордо күтүүгө туура келүүчү. Жарык кылуу жана жылытуу тутумдары талаптарга шайкеш келбей турган эле.

Базар-Коргондогу заманбап КТБ Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан 2019-жылды «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» катары жарыялоосунун алкактарында ачылды.