Жарыяланган 22/11/2019
Биздин команда: Турусбеков Раис - Бишкек шаарынын КТБ-1инин көчмө документтештирүү боюнча мобилдүү тобунун улук оператору

«Келип, көрүп, утуп алат»- кесиптештер да өнөктөштөр да жана кардарлар да анын ишине ушундай баа беришет.
Баарына сехзимтал жана көңүл буруу менен мамиле кылып, түгөнгүс оптимизм, энергия, жөндөмдүүлүгү тез жана оңой, ар кыл милдеттерди чыгармачылык чечүүсү, ага жамаатта урмат-сыйга ээ болушуна мүмкүндүк берген.
Раис - ар кандай жагдайда ага таянууга боло турган жооптуу кызматкер. 
Эмгекчилдиги, билимдиги жана дипломатиялуугу анын акырындык менен карьера тепкичинен жогорулап жатышына шарт түздү, Ишканадагы эмгек жолун Калкты тейлөө борборунун оператору кызматынан баштап, колл-борбордо улук оператор, азыркы мезгилд Бишкек шаары боюнча мобилдүү топтогу жетектөөчү позицияга чейин өскөн.
Раис "Ататүрк - Алатоо" эл аралык университетин "Финансы жана кредит" адистиги боюнча аяктаган, "Инфоком" мамлекеттик ишканасында 2012-жылдан тартып эмгектенет.
Татыктуу иши жана мамлекеттик каттоо тутумундагы кошкон зор салымы үчүн МККнын жана БШКнын Ардак грамоталары менен сыйланган.
Өзүн-өзү окутууга болгон жогорку жөндөмдүүлүгү анын кесиптик жактан да, жеке планда да дайыма өнүгүүгө даяр экендигин көрсөтүп турат.
Иштен тышкаркы убактысында Раис Кыргызстандын эл Аралык Университетинде юрист кесибин аркалоо үчүн окуу менен өткөрүүдө. Бир нече тилдерде эркин сүйлййт, өз алдынча программалоонун негиздерин изилдейт.
Жан дүйнөсүнүн ийкемдүүлүгү, өзгөчөлүктөрү анын жылмаюусу менен дайыма мобилдүү топтун иш күнү менен баштоого мүмкүндүк берип келе жатат. Мобилдүү топтун операторунун иши бир караганда жеңил болуп сезилиши мүмкүн. Бул жарандар менен дайыма байланышуу, майда-чүйдөсүнө чейин текшерип туруу жана албетте түшүнүктүү болуук керек. Мобилдүү топ элдин социалдык аялуу катмарлары үчүн барып-келүүлөрдүн көпчүлүк бөлүгүн жүзөгө ашырып, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, топтордун майыптарына, карылар үйлөрүндө жашаган адамдарга, ошондой эле жетим, балдар үйүндөгү тарбиялануучуларга паспортторун тариздетүүгө жардам беришет. 
Ал кезегинде көпчүлүк балдар сыяктуу эле, албетте, аскер болууну каалачу, "улак тартыш", "көк бөрү", күрөш, сууда сүзүү жана футбол сыяктуу хоббилери аны жооптуу жана чечкиндүү адам катары тарбиялады.
Раис үй-бүлөсүндө башчы болуп саналат, ал ата-энесине сонун уул, жарына камкор күйөө, балдары үчүн жароокер ата, жана жакындары үчүн колдоочу.
Өмүр урааны:"көз коркок, кол баатыр".
Эл ичинде тартипти, ак ниеттүүлүктү, жөнөкөйлүктү баалайт. “Адамга эң кыйыны - күн сайын адам болуу” Ч.Айтматов.
Биринчиден, адамдар менен өз ара аракеттенүү үчүн жана жардам жана колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгү үчүн өз ишин жакшы көрүп, элге кызмат кылуу.