Жарыяланган 20/11/2019
18-ноябрдан тартып Бишкекте төрт Калкты тейлөө борбору иштей баштайт, Медеров көч. КТБ жабылууда

Медеров көч., 44/1 дареги боюнча жайгашкан Калкты тейлөө борбору 15-ноябрга чейин иштеп жабылат, алар 2019-жылдын 18-ноябрынан тартып жаңы даректерге жайгаштырылышмакчы. Бардыгы болуп эми борбор калаабызда төрт ири КТБ иштей баштайт.

Жаңы КТБлар Октябрь жана Аламүдүн райондорунун аймактарында ачылмакчы, аларга коомдук транспорттордун баруусу жана аялдамалардын бар болуусун эске алуу менен ыңгайлуу жайгаштыруу караштырылган.

КТБларды иштетүү Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасына жүктөлгөн, өздүк имараттын жана тиешелүү курулуштардын жок болгондугунан улам, ижарага алуу аргасыз чара болуп эсептелет. Ижарага алынуучу имараттын жайгашуусу жашоочулар үчүн ыңгайлуулук принциби жана жарандардын агымынын рационалдуу бөлүштүрүлүшү боюнча аныкталат.

Бардык Калкты тейлөө борборлору паспорт, каттоо жана ЖААК сызыктары боюнча документтерди кабыл алуу, тарифздетүү жана берүү үчүн зарыл болуучу жабдуулар, маалымдама, өзүн-өзү тейлөө зонасы, фото, нотариус кызматтары, кассалар, бала жана эне бөлөмөлөрү менен жабдылышкан. Электрондук кезек, байкоо жүргүзүү камералары орнотулушкан.